РИПКиППРКР Агартуу министрлигине караштуу

Токтомаметов Алмазбек Даткабековичтин жаркын элесине

ЖаңылыктарЖаңылыктар
Токтомаметов А. Д.

Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун жамааты мыкты инсан, көрүнүктүү педагог, илимпоз, билим берүүнүн тажрыйбалуу уюштуруучусу, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, институттун директору Токтомаметов Алмазбек Даткабековичтин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Токтомаметов Алмазбек Даткабековичтин жаркын элесине

Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун жамааты мыкты инсан, көрүнүктүү педагог, илимпоз, билим берүүнүн тажрыйбалуу уюштуруучусу, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, институттун директору Токтомаметов Алмазбек Даткабековичтин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Токтомаметов Алмазбек Даткабекович 1963-жылдын 22-мартында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Алайку айыл аймагынын Көк-Арт айылында жарык дүйнөгө келген. Ал 1979-жылы Түшүнүк орто мектебин аяктап, ошол эле жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетине тапшырган. 1983-жылы аталган окуу жайды артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

Эмгек жолун 1983-жылы Кара-Кулжа районундагы Кан-Коргон айылында кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп баштаган. Андан соң райондук элге билим берүү бөлүмүндө усулчу, Кыргыз билим берүү институтунда кенже илимий кызматкерден баштап жетектөөчү илимий кызматкерге чейин ар кандай жооптуу кызматтарды аркалаган.                       1995-жылы «Кыргыз башталгыч класстары үчүн адабий окуу китептеринин дидактикалык негиздери» деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоп, педагогика илимдеринин кандидаты илимий даражасына ээ болгон. Ошондой эле Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетинин магистратурасын артыкчылык диплому менен аяктаган.                                                                                             Эмгек жолунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жогорку аттестациялык комиссияда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияда, эл аралык «Кемоникс Интернешнл» уюмунун долбоорлорунда жооптуу кызматтарда иштеген. 2013-жылдан тартып Кыргыз билим берүү академиясында лаборатория башчысы, вице-президент, президент кызматтарын аркалаган.

2021-жылдын февраль айынан тартып Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору болуп эмгектенип, педагогикалык кадрлардын кесиптик өнүгүүсүн өркүндөтүүгө, квалификациясын жогорулатуу системасын өнүктүрүүгө жана билим берүү тармагындагы жаңылануу процесстерине олуттуу салым кошуп келди.

Алмазбек Даткабекович билим берүү тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги, илимий изденүүсү жана чыгармачылык ишмердиги менен өзгөчө урмат-сыйга ээ болгон инсан эле. Ал башталгыч класстар үчүн адабий окуу китептеринин автору катары кыргыз билим берүү системасына баа жеткис салым кошкон. Анын авторлоштор менен биргеликте даярдаган экинчи, үчүнчү жана төртүнчү класстар үчүн «Адабий окуу» окуу китептери көп жылдар бою республиканын мектептеринде жана Өзбекстан Республикасындагы кыргыз тилдүү мектептерде колдонулуп келген.

Ал элүүдөн ашык илимий-усулдук эмгектердин автору болуп, 200дөн ашык басма табак көлөмүндөгү китептерди которууга, 100дөн ашык басма табак көлөмүндөгү эмгектерди редакциялоого катышкан. «Канткенде мыкты мугалим боло алам», «Башталгыч класстарда адабий окуу китептери менен иштөө өзгөчөлүктөрү» жана башка эмгектери педагогдор үчүн маанилүү усулдук булак болуп калды.

Ал эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар менен тыгыз кызматташып, республика боюнча көптөгөн тренингдерди жана окутуу иш-чараларын уюштуруп, өткөргөн. Билим берүү тармагындагы тажрыйбасын эл аралык деңгээлде жайылтып, бир катар чет мамлекеттерде кесиптик тажрыйба алмашуу иш-чараларына катышкан.

Алмазбек Даткабековичтин эмгеги мамлекет жана коомчулук тарабынан жогору бааланып, «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер», «Билим берүүнүн отличниги» ардак наамдарына татыган. Ошондой эле Улуттук жазуучулар союзунун Тоголок Молдо атындагы балдар сыйлыгынын ээси болгон.

Алмазбек Даткабекович өзүнүн кесипкөйлүгү, терең билими, жоопкерчилиги, принципиалдуулугу жана адамгерчилиги менен кесиптештеринин, шакирттеринин жана билим берүү тармагындагы көптөгөн адистердин урмат-сыйына ээ болгон. Ал өз ишине берилген, билим берүүнүн келечегине кайдыгер карабаган, ар дайым изденүүнүн жана өнүгүүнүн үстүндө жүргөн жетекчи, илимпоз жана устат катары эсибизде калат.

Анын өмүр жолу – талыкпаган эмгектин, илимге берилгендиктин, мекенге жана билим берүү тармагына ак кызмат кылуунун үлгүсү. Билим берүү системасына кошкон зор салымы, калтырган илимий жана усулдук мурастары, тарбиялаган шакирттери жана жаркын элеси элибиздин эсинде түбөлүк сакталат.

Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык  институтунун жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына, туугандарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Жараткан бейишинен орун берсин.

← Бардык жаңылыктар