РИПКиППРКР Агартуу министрлигине караштуу

Институт жөнүндө

Мектептерге окуу-методикалык жардам көрсөтүү жана республиканын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу максатында, СССР Министрлер Советинин 1945-жылдын 5-мартындагы № 3755-р токтомунун жана КР Элдик комиссариатынын ошол эле жылдын 1-августундагы № 498 буйругунун негизинде Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу республикалык институту ачылган.

1945–1971-жылдары институтту Н. Кузьмин, В. Н. Шнейдман, К. С. Сулайманов, Б. К. Кадыров, К. Салахитдинов жана Т. О. Оскомбаев сыяктуу окумуштуулар жетектеген.

Институтта кыргыз элине таанымал окумуштуулар, илимий кызматкерлер жана эмгек сиңирген мугалимдер эмгектенген: академик А. Э. Измайлов; улук илимий кызматкерлер Б. Рысбекова, И. А. Тимофеев, А. Э. Бердибаев, С. Усеналиев; илимдин доктору И. В. Тухов; КМУнун доценттери Г. С. Зинков, Ф. Г. Коровин, В. С. Скирдов, Б. Бектенов; эмгек сиңирген мугалимдер Н. Кидибаев жана И. Шукралиев.

1980-жылдан тартып институтта коомдук илимдер кафедрасы иштей баштаган.

1982-жылы «Педагогика жана психология» (жетекчиси п.и.к. Н. Н. Палагина) жана «Мектепке чейинки жана башталгыч билим берүү» (жетекчиси п.и.к. Л. П. Кибардина) кафедралары ачылган.

Аталган кафедраларда Н. И. Бердникова, Л. В. Ахромеева, п.и.к. Л. В. Усенко жана башкалар эмгектенишкен. Ошол эле учурда бардык мектеп предметтери боюнча методикалык кабинеттер иштеген. 1983–1984-жылдары «Орус тили жана адабияты», «Экономика жана тарбиялык иштерди башкаруу», «Жаратылыш-математикалык цикл жана информатика», «Кыргыз тили жана адабияты» кафедралары ачылган.