loader
Бишкек шаарындагы Октябрь районунун №2 корпусу, «Данакер» билим берүү мекемеси –  КР Эмгек сиӊирген мугалими, профессор Эсеналиева Кенжеке Эсеналиевнанын «Модернизацияланган  стандарттага жана PISAга негиздеп окутуу, баалоо, сабакты пландоо» аттуу тематикалык курсун өткөрүп берүү жөнүндөгү сураныч каты боюнча «КЕЛИШИМДИК» негизде аталган 72 сааттык пландалбаган оффлайн  көчмө курсу өткөрүлдү.
Аталган курста жалпы билим берүүчү  Мамлекеттик билим берүү  (2022-ж.) жана предметтик стандарттарын  мазмунун, күтүлүүчү натыйжаларын, SMART критерийлерин PISAнын талаптарын жана   STEM жана STEАM дисципланалар аралык, прикладдык мүнѳздөгү теориялык маалыматтарды интеграциялоо технологияларын колдонуу аркылуу алган билимдерин практикалык иш аркылуу бекемдешти. Натыйжада, продуктивдүү, креативдүү-чыгармачыл деӊгээлде чагылдырып, презентациялашты.
Алган билимдерин жаӊы стандарттардын жана PISAнын талаптарына ылайыктап, STEM жана STEАM дисципланалар аралык прикладдык мүнѳздөгү теориялык маалыматтарды интеграциялоо технологияларын практикалык сабакта колдонуп, креативдүү деӊгээлде чагылдырып, презентациялоо учурунан көрүнүш.
ru_RURussian