Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун “Филологиялык билим берүү” кафедрасынын ага окутуучусу Ниязов Мырзабек Какилович 2025-жылдын 8-10-январь айынын күндөрү, Баткен облусунун Лейлек району менен Сүлүктү, Раззаков шаарларынын жалпы билим берүүчү орто мектептеринин Орус тили жана адабияты мугалимдерине “Современные технологии в процессе обучения, SMART система, 4К и методы подготовки учителя к занятию” аттуу темада 72 саатык окуу курсун офлайн фарматында өтүүдө.