Советтер Союзунун Баатыры генерал-мойор Иван Васильевич Панфилов атындагы дивизиянын түзүлгөн күнүнүн 80 жылдыгынын урматына
- Советтер Союзунун Баатыры генерал-мойор Иван Васильевич Панфилов атындагы дивизиянын түзүлгөн күнүнүн 80 жылдыгынын урматына Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Күжүрмөн даярдоо борборунун базасында уюштурулган илимий-практикалык конференция болуп, Билим берүүнүн менеджменти кафедрасынан ага окутуучулар Акматов Нарынбек Арыкбаевич, Джумакунов Турусбек Абдыкаевич катышышты.
- Билим берүүнүн менеджменти кафедрасынын ага окутуучусу Джумакунов Турусбек Абдыкаевич аскерге чейинки даярдык сабагында угуучулар менен биргеликте, Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн Советтер Союзунун баатыры генерал-лейтенант К.Усенбеков атындагы аскер институтунда практикалык тажрыйба алмашуу жүргүздү.