Новости

Семинaр 2021 Айыл мектеби

Семинaр 2021 Айыл мектеби

14.12.21 биздин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин окутуучулары “Окутуунун натыйжалуулугун арттыруунун актуалдуу маселелери” атту темада «Айыл мектептериндеги семинарлар» долбоорунун алкагында азыркы педагогиканын теориясы жана практикасындагы көйгөйлөр туурасында семинар болуп өттү. Семинарда институттун директору п.и.к. Токтомаметов А.Д. кириш сөз сүйлөп эки тараптуу кызматташуунун мааниси жогору экендигин баса белгилеп кетти. Андан соң Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин окутуучулары тарабынан төмөнкүдөй тренингдер өткөрүлдү:

  1. Кыргыз-Түрк «Манас» университетин таанытуу видеосу
  2. Педагогика илимдеринин доктору, профессор Акматали Алимбеков: «Окуучу жаштарды руханий-адеп - ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиялоо концепциясы»
  3. Профессор. Доктор. Күршад Йылмаз «Классты башкаруу»
  4. Профессор. Доктор. Мехмет Ариф Өзербаш «Окутуу процессинде эффективдүү карым-катыш»
  5. Доцент.м.а. Докт. Явуз Эржан Гүл «Мугалимдин коомдук өзгөрүүлөрдөгү орду жана мааниси»
  6. Ага окутучу. Докт. Кадиян Бообекова «Окуучуларда көрүлгөн девианттык жүрүм-турумдар» Семинардын катышуучулары менен суроо жооп болуп кызыктуу талкуулар жүрдү. Семинардын жыйынтыгында лекция окуган Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин окутуучуларына Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун ардак громаталары директору п.и.к. Токтомаметов А.Д. тарабынан ыйгарылды.

1.jpg

WhatsApp Image 2021-12-14 at 16.04.52 (1).jpeg

WhatsApp Image 2021-12-14 at 16.04.52.jpeg

Posted on дек 14, 2021