Республикалык педагогикалык кызматкерлердинквалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдооинститутунда 2022-жылдын 14-июнунда PISA-2025изилдөөсүнө даярдык көрүү боюнча семинар-теринг болупөттү. Бул иш чарага «Функционалдык сабаттуулуккомпетенцияларын калыптандыруу жана баалоо», «Эл аралык билим берүүнүн сапатын изилдөөлөргө катышуугадаярдоону окуу-методикалык жана уюштуруучулук жактанкамсыз кылуу» темасынын негизинде Москва шаарындагы«Просвещения» Басмаканасы» АК башкы редактору п.и.к. Н.Б.Колесникова тренерлик кылды. Чүй облусунун, Бишкек шаарынын билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери, мектепжетекчилери катышты. Семинар-тренингдин жүрүшүндө2025-жылы өтүүчү изилдөөгө карата даярдыктын этаптары, мугалимдердин квалификациялык талаптарга жооп бериши, окуучулардын көндүмдөрүнүн калыптанышыж.б. суроолордун айланасында талкуу болду.
