Бөлүмдүн максаты
КБнын кызматкерлери өз ишмердигинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, КР Эмгек кодекси, мыйзамдык актылар, институттун Уставы, институттун локалдык актылары, директордун буйруктары жана көрсөтмөлөрү, Окумуштуулар кеңешинин чечимдери, кадрлар бөлүмүнүн Жобосу менен иш алып барат.
- Кадрлар бөлүмү директор, кафедралар жана центр, окуу бөлʏмʏ менен институтта бирдиктүү кадрдык саясат жүргүзүү ишин уюштурат.
- Өзүнүн компетенциясына жараша Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын так сакталышын, институттун ички эмгек күн тартибинин эрежелерин сактоону камсыз кылат, талапка ылайык иш жүргүзөт.