-
Тил окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу боюнча инновациялык технологиялар борбору «Иштеп чыгуу жана апробациялоо» аттуу багыт боюнча тѳмѳнкү иштерди аткара алды:
- «Предметти жана тилди интеграциялап окутуу методикасынын негиздери (CLIL)» аттуу инновациялык курс иштелип чыкты жана апробацияланды;
- «Мамлекеттик, расмий жана чет тилдерине окутуудагы коммуникативдик методиканын негиздери» аттуу инновациялык курс иштелип чыкты жана апробацияланды;
- Билим берүүнү башкаруу органдарынын адистери методикалык борборлор жана кабинеттердин методисттери үчүн «Кѳп тилдүү билим берүү программаларын ишке ашырып жаткан мектептерге колдоо кѳрсѳтүү» аттуу инновациялык курс иштелип чыкты жана апробацияланды;
- «Мамлекеттик, расмий жана чет тилдерине окутуудагы коммуникативдик методиканын негиздери» аттуу дистанттык курс иштелип чыкты жана 2018-жылы апробацияланышы пландаштырылууда;
- Мамлекеттик тил боюнча электрондук курс, В1 денгээли иштелип чыкты жана анын апробацияланышы 2018-жылга пландаштырылды;
- ЖРТны тапшырууга даярдоо максатында окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептердин жогорку класстарынын окуучуларына кыргыз/орус тилдери боюнча интенсивдик курстардын материалдары иштелип чыкты жана апробацияланды. Ош жана Жалал-Абад областтарындагы мектептердин жогорку калсстарынын 300дѳн ашуун окуучулары бул курста окуп, тил кѳндүмдѳрүн жакшыртып, ЖРТны тапшырууга даярдана алышты.
- Мектеп жана жогорку окуу жайлардын окуучулары, студенттери учүн мамлекеттик, расмий жана чет тилдерин билүү деңгээлин аныктоонун куралдары иштелип чыкты жана апробацияланды;
- Башталгыч мектеп үчүн математикадан кыргыз, орус жана англис тилдеринде сѳздүк иштелип чыкты жана апробацияланды;
- МЧББУнун тарбиячылары үчүн эки жактуу тилге чѳмүлтүү (кыргыз, орус тилдери) программалары боюнча квалификацияны жогорулатуу курсу иштелип чыкты жана апробацияланды;
- МЧББУнун мамлекеттик тил окутуучулары үчүн мамлекеттик тилге окутуунун коммуникативдик методикасы боюнча квалификацияны жогорулатуу курсу иштелип чыкты жана апробацияланды.
- Мамлекеттик жана расмий тилдери боюнча 1-4-класстар жана 5-9-класстар үчүн программалар иштелип чыкты;
- Окутуу орус, ѳзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлүүчү мектептердин 5, 6-класстары үчүн Кыргыз тили боюнча ОМК иштелип чыкты.
-
Квалификацияны жогорулатуу курстарын, вебинарларды, семинар-тренингдерди, тил курстарын өткөрүү аттуу багыт боюнча тѳмѳнкүлѳр ишке ашырылды:
-
Тилдик даярдык тармагындагы окуу програмаларын, окуу-методикалык материалдарды экспертиза кылуу багыты боюнча тѳмѳнкү иштер аткарылды:
*Орус тили боюнча Мамлекеттик стандартты иштеп чыгууга катышуу;
*Көп маданияттуу жана көп тилдүү билим берүү концепциясын иштеп чыгуу;
*Университеттердин жана институттардын МКК боюнча программаларын талдоо;
* Орус, өзбек, тажик тилдеринде окуткан мектептерде кыргыз тили боюнча окуу китептерин иштеп чыгуу 7-8-класстар үчүн;
*Көп тилдүү билим берүү боюнча пилоттук мектептердин ишине мониторинг жүргүзүү;
*Жарандык иденттүүлүк боюнча жаңы курсту иштеп чыгуу;
*Жарандык иденттүүлүк боюнча кейстерди иштеп чыгуу;