Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы РПККЖжана КДИ базасындагы МЧБМББ кафедрасыар түрдүү категориядагы педагогдор менен: бала бакча тарбиячылары, методисттери, мектепке чейинки билим берүүчү мекемелердин директорлору, мугалимдери, окуу бөлүм башчылары, мектепке чейинки жана башталгыч билим берүүчүБилим берүү башкармалыгынын адистери менен окуу-методикалык, илимий жана тарбиялык билим берүүчү илимий-педагогикалык иштерди алып барат.
Окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт.
Окуу курстарынын КЖ төмөнкү нормативдүү - укуктук документтердин талабына ылайык аныкталат:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы
- Бала укуктары жөнүндөгүКонвенция
- Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндөгүберенеси
- Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү», «Мектепке чейинки билим берүү», «Жергиликтүү аймактаржөнүндө», «Аял жана эркектер учун тең укуктар жана мамлекеттик кепилдиктер», «Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктары жана кепилдиктери» мыйзамдары, МЧББ жана балага кам көрүү» стандарты.
Кафедранын иш-чаралары заманбап теорияларды, инновациялык методикаларды үйрөнүү жана киргизүү, мектепке чейинки жана башталгыч класстарга билим берүү жаатында эл аралык жана республикалык долбоорлорду колдоо жана «Ырайым» коомдук бирикмеси, ошондой эле «Энелер мектеби» программасынын алкагындагы Ресурстук Борбор менен кызматташуу менен байланышкан.

- Илимий даражасы:
-
- Илимий наамы:
- Ага окутуучу
- Кызматы:
-
- E-mail: zulya.zzz160356@gmail.com
- Телефон: 0 (312) 67 90 44
- Широкая көч.1, 214 каб.

- Илимий даражасы:
-
- Илимий наамы:
- Ага окутуучу
- Кызматы:
-
- E-mail: dinara.dankeeva@mail.ru
- Телефон: 0 (312) 67 90 44
- Широкая көч.1, 214 каб.

- Илимий даражасы:
-
- Илимий наамы:
- Ага окутуучу
- Кызматы:
-
- E-mail: almazbekovna1201@gmail.com
- Телефон: 0 (312) 67 90 44
- Широкая көч.1, 214 каб.

- Илимий даражасы:
-
- Илимий наамы:
-
- Кызматы:
- Ага лаборант
- E-mail: ainurjarkumbaeva97@gmail.com
- Телефон: 0 (312) 67 90 44
- Широкая көч.1, 214 каб.
Билим берүү процессинде кафедранын мугалимдери заманбап билим берүү технологияларын жана интерактивдүү окутуу методдорун колдонушат. Окутуучулар (мугалимдер) түрдүү категориядагы мектепке чейинки, башталгыч класстардын (педагогдор, методисттер, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлору, билим берүү башкармалыгынын адистери) педагогдордун жана башталгыч класстардын мугалимдеринин (кыргыз жана орус тилинде сабак берген) квалификациясын жогорулатууга жардам беришет.
Билим берүү кызматы төмөнкү мамлекеттик стандарттарды ишке ашырууга арналган: «МЧББ жана балдарды багуу” 29.06.2020 кабыл алынган мамлекеттик стандарты, башталгыч билим берүү мамлекеттик стандарты, МЧББУ Базистик программалары (1917 ж), «Наристе» - мектепке чейинки даярдоо программасы – 480 саат, «Балалык» программасы, «Энелер мектеби» ж.б.
КЖ да окутуунун өзөгү болуп, мугалимдердин окутуу-тематикалык пландары жана иштелип чыккан «Энелер мектеби», «МИР» программалары болуп эсептелет.Кафедранын илим изилдөө иш-аракеттери «Мектепке чейинки жана башталгыч класстардын КЖ педагогдорун илимий-методикалык жактан камсыз кылуу» көйгөйүнө арналган. Мугалимдердин иликтөө иштери КЖмектепке чейинки билим берүү жана башталгыч класстарга билим беруучу педагогдордун окуу процессинин денгээлин жогорулатууга багытталган.
Кафедра мугалимдери «Энелер мектеби», «ЧК алдындагы мектепке чейинки баланын коопсуздугу» программалары аркылуу ЮНИСЕФтин долбоорлору менен кызматташат. Кафедрада ЧК учурунда балдардын коопсуздук Борбору жана кафедралык бөлмө ачылган.
Ага-Хан Фондунун колдоосу менен «Көп маданияттуу мектепке чейинки жана башталгыч класстардын окуучуларын тарбиялоо» методикалык комплекси түзүлгөн. Балдарды өнүктүрүү тармагында ааламдык кызматташуу боюнча лаборатория түзүлгөн. Кафедранын окутуучулары ЮСАИДдин «Окуу убактысы» долбоору менен кызматташат. ЮСАИДдин колдоосунда «Бирге окуйбуз» методикалык окуу куралдары жарыкка чыккан. Окутуучулардын, КЖугуучуларынын, жергиликтүү жана чет элдик өнөктөштөр өткөрүүчү брифингдер салттуу көрүнүшкө айланган.
«Баланын төрөлгөндөн баштап 3 жашка чейинки эрте өнүгүүсү» аттуу колдонмо иштелип чыгып, жарык көргөн. ЮНИСЕФ базалык стандарттары. Төмөнкү программалары толукталган: мектеп жашына жете элек балдарды окутуунун, билим берүүнүн жана тарбиялоонун базистик программасы жана 6-7 жаштагы балдарды даярдоо методикалык программасы, «Балдар бакчасында музыкалык билим беруу» методикалык окуу куралы – Усенко Л.В., Сейдекулова К.С тарабынанжарыкка чыгарылган.
Усенко Л.В, Сейдекулова К.С. жазган «Дүйнө» жана «Энелер мектеби» программалары кеңири таралууда. Кафедранын окутуучулары тарабынан августтук, областтык жана шаардык чогулуштарга карата колдонмо, тиркеме жана методикалык материалдар иштелип чыгууда. МЧББда Этнопедагогика боюнча жаңы курстар өтүлүүдө.
Негизги DL программалары.
"МИР" автордук программасы (pptx)
Энелер мектеби программасы (pptx)
Бишкек шаары. Широкая 1 к. үй №1, кабинет 214
Мектепке чейинки жана башталгыч мектептик билим берүү кафедрасы.
e-mail: ripk.dnsho@gmail.com
Тел: (0312) 67-90-44