Бөлүмдүн максаты
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун маалыматтык жана инновациялык технологиялар бѳлүмү 2017-жылдын январь айында түзүлгөн. Бѳлүм институттун маалыматтык жана байланышуу инфраструктурасын түзүү, өнүктүрүү жана колдоо үчүн уюштурулган. Азыркы учурда институт 20 Мб/с ылдамдыктагы өткөргүчтүү тармак аркылуу Интернетке туташкан, ошондой эле институтта Wi-Fi өткөргүчсүз түйүнү да иштейт. Маалыматтык жана инновациялык технологиялар бөлүмү институттун маалыматтык инфраструктурасын калыптандыруу менен бирге аны өнүктүрүүнү, анын түзүмдүк бөлүмдөрүн өз ара байланыштырууну жана аларды дүйнөлүк маалыматтык мейкиндик менен байланыштырууну, окуу процессин маалыматташтыруу үчүн программалык-техникалык каражаттарды ишке киргизүүнү камсыздайт.