КР БбИМнин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун филологиялык билим берүү кафедрасы тарабынан 21-февраль "Эл аралык эне тил күнү" (International Mother Language Day) 2000-жылдан бери жыл сайын белгиленип келе жатат.
Максаты - тил жана маданият түрдүүлүгүнө көмөк көрсөтүү, ар бир эл өзүнүн тарыхына таандык маалыматты алып жүрүү, байытуу, баарлашуу жана дүйнөнүн кечээки, бүгүнкү, эртенки менен болгон байланышын таанып билүү, изилдөө иштерин жүргүзүү болуп саналат.
2023-жылдын 17-февралында Филологиялык билим берүү кафедрасынын башчысы, профессор, улуттук тренер Эсеналиева Кенжеке Эсеналиевна Чүй облусунун Аламүдүн районундагы окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн 36 мектептин кыргыз тилчи мугалимдерине Ала-Арча айыл өкмөтүнө караштуу Мрамор айлындагы жалпы билим билим берүүчү орто мектебинде “Кеп ишмердиктеринин түрлөрү жана PISAнын талаптары” аттуу темада мастер-класс өткөрдү.
Эл аралык "Сапат" билим берүү мекемесинин Мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан уюштурулган “Мамлекеттик тилди окутуудагы тажрыйбалар жана натыйжалар” аттуу илимий-практикалык конференциянын 17-18-февралында “Кеп ишмердүүлүктөрдүн түрлөрү жана PISAнын талаптары” - профессор К.Э.Эсеналиева“, Окуучулардын таанып билүү ишмердүүлүгү”- доцент А.Койлубаева, "Коммуникативдик метод” - окутуучу А.А.Оморова мастер-класс өткөрүштү.