Жанылыктар

Республикалык конкурсу жөнүндөгү Жобо

Республикалык конкурсу жөнүндөгү Жобо

Урматтуу мугалим! Сизге, Конкурска жөнөтүлгөн видеосабактардын эксперттик кеңешке жеткиликтүү болуусуна жардам көрсөтүүчү, видеосабактарды « булуттук сактагычтар (облачные хранилища)» (сиз үчүн ыңгайлуу вариантын)жүктөө боюнча НУСКАМА жөнөтүп жатабыз

I. Жалпы билим берүү мектептери үчүн видеосабактардын «Санариптик педагогика» деген аталыштагы Республикалык конкурсу жөнүндөгү Жобо орус жана кыргыз тилдеринде

II. Булуттук сактагычтарга видеосабактарды жүктөө боюнча Нускама

Конкурска катышуу үчүн видеосабактарды булуттук сактагычтарга «Яндекс диск» же «Google Диск» же «Mail.Ru Облако» жүктөө жана нускамага ылайык билдирмени (заяка) толтуруу зарыл. Зарыл:

  1. Видео сабактарды төмөнкү жаңы формага ылайык атын өзгөрткүлө «САБАК 1_ПРЕДМЕТ_РАЙОН_МЕКТЕПТИН АТАЛЫШЫ_А.А.А.». Мисалы: «Сабак 1_МатематикаСокулук району Жамгырчинов ат. ОМ_Иванов Иван Иванович».

  2. Эгерде Сиз катталбаган болсоңуз, анда каттоодон өтүүңүз керек(Яндекстин мисалында): a. Страницу регистрации ачыңыз b. Атыңызды жана фамилияңызды көрсөтүңүз. c. Яндекстин башка сервистеринде жана почтада авторизациялоо үчүн колдоно турган паролду ойлоп табыңыз жана эстеп калыңыз.
    d. Мобилдик телефонуңуздун номерин же купуя суроого жообуңузду көрсөтүңүз. Бул номер же суроого жооп боюнча Сиз паролду кайрадан калыбына келтире аласыз (эгерде аны унутуп калсаңыз). e. Сүрөттөгү символдорду териңиз (бул автоматтык каттоодон коргойт). f. Эскертүү. Эгерде сүрөттөгү символдорду окуу (терүү) оордук жаратса, анда Башка кодду басыңыз. g. «Пользовательские соглашения» шарттарын кабыл алгандыгыңыз жана сиздин жеке маалыматтарыңызды иштетүү тууралуу пункт белгиленгендигине көңүл буруңуз h. «Зарегистрироваться» кнопкасын басыңыз. i. Каттоодон кийин Сиз, сиздин логиниңизден, @белгисинен жана yandex.ru домендик атынан (же анын доменных алиасов биринен) турган электрондук дарек аласыз. j. Мисалы, asel.akmatova@yandex.ru.

  3. Булуттук сактагычтар (облачные хранения) сервисине кирүү:

  1. «Санариптик педагогика» папкасын түзүү жана ага видеоматериалдарды жүктөө.
  2. Шилтеме боюнча ( бул жерге өзүңөрдүн шилтемеңерди койгула) папканы ачуу .

  1. Конкурска билдирмени толтургула, билдирмеге Сиздин видеофайлдар менен папкаңыздын шилтемеси да жазылуусу керек. Көңүл бургула!!! Көрсөтүлгөн электрондук билдирмени толтуруу – сөзсүз аткарылуучу талап, анткени ал эксперттик кеңешке катышуучу жана анын Конкурска жөнөткөн видеосабактары тууралуу бардык маалыматтарга ээ болуу мүмкүндүгүн берет.
  2. Суроолор пайда болгон учурда Сиз аларды төмөнкү электрондук дарекке жөнөтсөңүз болот: Sanaripmugalim.ripk@gmail.com

«Санариптик педагогика» Конкурсунун уюштуруу комитети Сиздерге ыраазычылык билдирет жана чыгармачыл ийгиликтерди каалайт!

Posted on Apr 05, 2020