Жанылыктар

КЫРГЫЗ ТИЛИН ҮЙРӨТҮҮДӨГҮ ЭФФЕКТИВДҮҮ УСУЛ

КЫРГЫЗ ТИЛИН ҮЙРӨТҮҮДӨГҮ ЭФФЕКТИВДҮҮ УСУЛ

Кандай гана улуттун өкүлү болбосун, ким кайсы өлкөдө жашабасын, өлкөнүн жарандары мамлекеттик тилди билип, турмуш-тиричилик чөйрөсүндө, окууда, кесибинде, коомдук жайларда, социалдык-маданий чөйрөдө колдоно алуусу зарыл. Бул бери эле болгондо жашоо-тириликтеги ыңгайлуулук, коомдогу нормалдуу карым-катнаш үчүн ар кишиге маанилүү. Деген менен, тил үйрөтүү башаты мектепте экени, демек, ушул нерсеге өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы айтпаса да түшүнүктүү.

Мектептерде бөтөн тилдүү балдарга мамлекеттик тилди үйрөтүү буга чейин грамматикалык мамиле аркылуу жүргүзүлгөн болсо, эми окутууга жаңы мамиле жасоо менен жыйынтык бере ала турган усулдарды пайдалануу зарылдыгы келип чыкты. Бул багытта республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтуна караштуу Инновациялык технологиялар борбору тил мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу үчүн атайын программаларды түзгөн. Учурда мектептердеги орус, өзбек, тажик класстарынын кыргыз тили мугалимдерин окутуу боюнча түзүлгөн программанын негизинде онлайн окуу жүрүп жатат.

Кыргыз тилин бөтөн тилдүү балдарга үйрөтүүдө коммуникативдик усулдун ролу чоң жана эффективдүү экендигин белгилейт Инновациялык технологиялар борборунун улук окутуучусу Айгүл Оморова.

-Тил окутуунун коммуникативдик методикасы окуучуну реалдуу жашоодо кыргыз тилин колдонуп эркин сүйлөп, укканын жана окуганын түшүнүп, өз оюн башка бирөөлөр менен бөлүшүп, ой жүгүртүп, сабаттуу жаза ала тургандай кылып үйрөтөт. Мектепте кыргыз тилин баарлашуунун куралы катары эмес, илим катары окутуу орун алган: тилдин эрежелерин, грамматикасын, синтаксисин, морфологиясын ж.б. Ал эми биз үчүн кыргыз тилин үйрөтүү маанилүү. Кыргыз тилинин предметтик стандартынын талаптарына ылайык мугалим окуучуга тилди күнүмдүк жашоосунда колдоно ала тургандай кылып үйрөтүүсү керек. Баланын кыргыз тилинде укканын жана окуганын түшүнүү, сүйлөө жана жазуу компетенттүүлүгүн калыптандыруу – окутууга компетенттүүлүк мамиле деп аталат. Мына ошол нерсени мугалимдер өз практикасында кантип ишке ашыра алат?

Алгач мугалимдер коммуникативдик методиканы курска келгенге чейин канчалык деңгээлде билерин өзүн-өзү текшерүүсү үчүн старттык тест берилет. Курстун мазмуну лекция эмес, тренинг формасында өтүлөт: Суроо-жооптор, ой жүгүртүү, талкуулар, өз практикасы менен салыштыруу, моделдик сабактарда окуучунун ордунда катышуу, андан кийин катышкан сабагын мугалим катары талдоо, топтордо иштөө, практикалык көнүгүүлөрдү аткаруу, мугалимдердин өз ара бири-бирин окутуусу. Мугалимдер өздөрү практика жүзүндө ушул интерактив усулдар менен иштеп, коммуникативдик методиканын ыкмаларын окуучунун ордунда жон териси менен сезип, мугалим катары талдап көргөндө, коммуникативдик методика боюнча сабактын иштелмесин даярдап, аны курстагы кесиптештери менен талдап чыкканда гана ушул методиканы үйрөнүшөт, — дейт ал.

Аталган окутууга катышып жаткандардын бири Сюита Мурзалиева Сокулук районуна караштуу Ч. Айтматов атындагы №1 инновациялык окуу-комплекс лицейинде орус класстарына кыргыз тилинен сабак берет. Учурда кыргыз тилин коммуникативдик усул менен окутуунун сырларын үйрөнүп, дароо эле сабакта колдоно баштаганын айтат.

-Мен мугалимдик кесипте үч жылдан бери алектенип келем. Алдыда дагы көп тажрыйба топтоо керектигимди да билем. Ошон үчүн атайын окуу — курстарына жазылып, билимимди өркүндөтүүнүн үстүндөмүн. Кыргыз тилин экинчи тил катары коммуникативдик усулда окутуунун окуучуларга таасири канчалык деңгээлде эффективдүү экендигин Айгүл Оморованын өтүп жаткан сабагынан түшүндүм. Эми алган билимимди мектепте пайдалана аламын деп ишенимдүү айтамын, — дейт ал аталган усулдун зарылдыгы тууралуу.

Ал эми Бишкек шаарындагы №15 жалпы орто билим берүүчү мектебинде эмгектенген Жаркын Акунованын 13 жылдык окутуучулук стажы бар. Бул онлайн-окууга катышып жатканына ыраазы.

-Мен быйыл мектепте орус тилдүү класстарга сабак өтүп жатамын. Бешинчи класстын китебинин авторлорунун бири Айгүл Оморованын окутуусундагы курска катышып, коммуникативдик усулдун артыкчылыктары менен өзгөчөлүктөрүн өздөштүрдүм. Сабактарымды жаңыча усул менен өтө баштагандан бери мен күткөндөн да жакшы жыйынтыктарды ала баштадым. Орус тилдүү окуучуларым да эки сөздүн башын бириктирип, сүйлөөгө жетишип калды. Бир эле мисал айтсам, 4-класстагы Серёжа деген окуучум экөөбүз 3-4 сөздөн турган сүйлөм түзүп калдык.

Окуучуларда кызыгуу пайда болгонун сездим. Демек, бул коммуникативдүү усул менен иштөө жакшы үзүрүн бере тургандыгын көрсөттү,- дейт ал эмгек үзүрү натыйжалуу боло баштаганына кубанып.

Ошондой эле, бул онлайн-окууга Жалал-Абад шаарындагы №1 Михаил Бабкин атындагы мектеп-гимназиясынын башталгыч класстарынын кыргыз тили мугалими Миргүл Жолдошева да катышып жатат. Ал окутуунун жаңы усулу кыргыз тилин үйрөтүүдө бир топ эле жеңилдик жаратканын кошумчалайт.

-Окутуунун жаңы стандартынан буга чейин деле маалыматыбыз бар эле, бирок терең жана жеткиликтүү эмес болчу. Ошондуктан бөтөн тилдүү балдарга кыргыз тилин үйрөтүүдө кыйынчылыктар жаралып келген. Ал эми азыр жеңил, ыңгайлуу усулду өздөштүрүп жатам. Мугалимдер үчүн ушундай окутуулардын уюштурулуп турушу билим берүү сапатын жакшыртат деген ишеничтемин, — дейт ал зор үмүт менен.

Дайыма чыгармачылык изденүү менен талыкпай эмгектенип келе жаткан мугалимдер окутуунун жаңы усулдарын өздөштүрүп, туура колдоно билүүсү балдардын билим сапатын жогорулатуусуна шарт түзөт. Аны үчүн Инновациялык технологиялар борборунун жүргүзүп жаткан аракеттериндей алгылыктуу иштер тынымсыз болуп туруусу зарыл. Бул да болсо, мамлекеттик тилдин коомдун турмушундагы алган ордунун жана ролунун дагы да өсүп отурушун, коомдогу негизги карым-катнаш куралы катары бириктирүүчү мааниси арта турганын белгилейт.

Тазагүл ШАМШИЕВА, журналист.

Posted on Jul 09, 2020