КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ
КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН АЛДЫНДАГЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ПЕДАГОГИКАЛЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРЛАТУУ ЖАНА КАЙРА ДАЯРДОО ИНСТИТУТУ
ДИНДЕРДИН ӨНҮГҮҮ ТАРЫХЫ
Жалпы билим берүүчү уюмдарынын
9-класстары үчүн
ПРОГРАММА
БИШКЕК – 2022
МАЗМУНУ
|
I. ТҮШҮНДҮРМӨ КАТ
1.1. Курстун мазмуну боюнча кыскача түшүнүк ........ 1.2. Сааттардын бөлүнүшү ............................................... 1.3. Максат жана милдеттер ............................................ 1.4. Предметтик компетенттүүлүктөр .......................... |
|
- ПРЕДМЕТТИН МАЗМУНУ
2.1. 9-класстын программасынын мазмуну ........................................
2.2. Курстун аягындагы күтүлүүчү натыйжа .....................................
- УСУЛДУК УЮШТУРУУ КӨРСӨТМӨЛӨРҮ
3.1. Окутуунун негизги ыкмалары ......................................................
3.2. Окуучулардын билим деңгээлин баалоо ......................................
- НЕГИЗГИ ЧЕНЕМДИК УКУКТУК ДОКУМЕНТТЕР .......
- КОЛДОНУЛГАН АДАБИЯТТАР ............................................
I. ТҮШҮНДҮРМӨ КАТ
- Курстун мазмуну боюнча кыскача түшүнүк
Жалпы билим берүүчү уюмдардагы “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети боюнча 9-класстардын программасы төмөнкү ченемдик укуктук документтердин негизинде түзүлдү:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметин окутуу Концепциясы;
- Кыргыз Республикасынын “Билим берүү мыйзамы”,
- Кыргыз Республикасындагы жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты;
- Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдары үчүн 2022- 2023-окуу жылынын Базистик окуу планына;
- Кыргыз Республикасындагы жалпы билим берүүчү уюмдарынын (мектеп, гимназия, лицей) 7-8-9-класстары үчүн “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети боюнча предметтик стандарты.
Кыргыз Республикасынын Конституциясында жазылгандай, Кыргыз Республикасы светтик (динге негизделбеген) мамлекет. Демек, Кыргыз Республикасында эч бир динге басым жасабайт жана эч бир дин негиз катары алынбайт.
“Диндердин өнүгүү тарыхы” предметин жалпы билим берүүнүн окуу планына киргизүү төмөнкү факторлор менен шартталат:
- заманбап коомдо маалыматтардын көбөйүшүнөн улам диндер, диний агымдар тууралуу маалымат берүүнүн актуалдуулугу; маалыматтарды өз алдынча интернеттен жана башка расмий эмес булактардан үйрөнүү мамлекеттин коопсуздугу үчүн коркунуч алып келиши;
- эгемендүүлүк жылдары максаты бүдөмүк миссионердик багытта иш жүргүзгөн уюмдардын көбөйүшү, алардын ишмердүүлүгүнүн өсүп келе жаткан муундун ишенимдерине олуттуу таасирин тийгизүүсү, мамлекеттин биримдиги үчүн кооптуу абал жаратышы;
- советтик тажрыйба көрсөткөндөй динге тыюуу салуу менен динди жок кылуунун мүмкүн эместиги; динди коомчулуктан бөлүү жана ага идеологиялык жактан тыюу салуунун психологиялык жана моралдык кризиске алып келүүсү; бул болсо коомдун өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизүүсү.
Ушундай шартта жарандардын дин боюнча түшүнүгүн кеңейтүүгө, көз карашын туура калыптандырууга жардам берүүдө биринчи орунда билим берүү тармагы турат. Жалпы билим берүүчү уюмдарда педагогикалык принциптердин негизинде, системалуу түрдө дүйнөлүк диндер, алардын негиздери жана баалуулуктары тууралуу билим берүү зарыл. “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети окуучуларды кабыл алган маалыматтарды сынчыл көз караш менен анализдөөгө, улуттук баалуулуктарга жана мамлекеттин саясатына каршы келбегендей ишмердүүлүк жүргүзүүгө багыт берип, динге болгон сабырдуулукка тарбиялайт.
Программаны ишке ашырууну көзөмөлдөө иши Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрилиги жана билим берүүнүн жергиликтүү башкаруучу органдары тарабынан жүргүзүлөт.
- Сааттардын бөлүнүшү
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-июнундагы №177 Жарлыгына ылайык дин таануу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана өспүрүмдөрдүн диндер боюнча сабаттуулугун жогорлатуу максатында 2022-2023-окуу жылынан баштап 9-класска “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети киргизилип, аны окутууга жумасына 1 саат бөлүнгөн.
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарындагы “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети 9-класстарда төмөнкүдөй ырааттуулукта окутулат:
“Диндердин өнүгүү тарыхы” предметинин окуу жүктөмү
Класс
|
Предмет
|
Жумасына
|
Жылына
|
9
|
Диндердин өнүгүү тарыхы
|
1
|
34
|
«Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги сунуштаган жалпы билим берүү программасы жана окуу-методикалык комплекси боюнча окутулат.
- Максат жана милдеттер
“Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети окуучуларга диндин табияты, мазмуну, тарыхы, негиздери жана баалуулуктары тууралуу илимде негизделген маалыматтарды берүү аркылуу, аларды диний сабырдуулук, дин тутуудагы салттуулук, плюралисттик көз карашка ээ болгон компетенттүү инсан катары калыптандыруу, динге ишенүү же ишенбөө эркиндигин жүзөгө ашырууга, руханий баалуулуктарын эркин аныктоого көмөктөшүү, ар кандай диний, деструктивдик багыттардын жана агымдардын таасирин алдын алуу максатын көздөйт.
“Диндердин өнүгүү тарыхы” предметинин негизги максаты – окуучулардын дүйнөлүк диндердин пайда болуу, өнүгүү жана иштөө тарыхы, алардын коомго тийгизген таасири жөнүндө билимдерди калыптандыруу; адеп-ахлактын, ыймандын жана диндин адамдын жана коомдун жашоосундагы маанисин түшүнүү; конфессиялар аралык диалогду куруу жана адеп-ахлактык жактан, руханий жактан өзүн-өзү өнүктүрүү жөндөмдүүлүгү; ар түрдүү маданияттардын, улуттардын, ишенимдердин, социалдык топтордун өкүлдөрү менен позитивдүү өз ара аракеттенүү көндүмдөрү; радикалдашууга жана диний кагылышууларга каршы турууга даяр болуу.
Бул максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткаруу зарыл:
- Когнитивдик (таанып-билүүчүлүк):
- байкоо, тажрыйба, ой жүгүртүү, байланыш аркылуу алынган же түзүлгөн маалыматты изилдөө, талдоо, синтездөө, баалоо жана колдонуу жөндөмүн калыптандыруу;
- таанып-билүүчүлүк ой жүгүртүүнү жана элестетүүнү өнүктүрүү;
- түрдүү диний жана маданий көз караштагы адамдардын жана топтордун ортосундагы мамилелерге диндердин конструктивдүү таасирине баалуулук мамилесин калыптандыруу;
- коомдун өнүгүүсүнүн түрдүү этаптарында диний жана адеп-ахлак нормаларынын ортосундагы байланышты түшүнүүгө үйрөнүү.
- Жүрүм-турумдук (иш-аракеттик):
- гуманизмге, толеранттуулукка негизделген көп конфессиялуу коомдо инсандар аралык мамилелердин (адамдардын, коомдун ортосунда) калыптанышына көмөк көрсөтүү;
- байкоочулукту өнүктүрүүгө жана адамдын жүрүм-турумун туура чечмелөөгө көмөк көрсөтүү;
- көп маданияттуу коомдо өзүн-өзү таануунун, түшүнүүнүн жана диндерди адекваттуу баалоонун элементардык ыкмаларын өздөштүрүү;
- көп конфессиялуу коомдо эркин, ойлонулган жана жоопкерчиликтүү мамилелерди түзүү көндүмдөрүн калыптандырууга салым кошуу.
- Баалуулук:
- өзүнүн жүрүм-турумун жана башка адамдардын иш-аракеттерин руханий-адептик баалуулуктар жана жүрүм-турум нормалары менен салыштыруу жөндөмүн калыптандыруу;
- руханий, адеп-ахлактык, этикалык жана эстетикалык тарбиянын негизинде өзүн Кыргызстандын жараны катары тынчтыктын, теңдиктин, инклюзивдүүлүктүн жана адам укуктарын урматтоонун духунда көрсөтүүгө даярдыгын калыптандыруу;
- үй-бүлөлүк баалуулуктардын, мекенчилдиктин, адеп-ахлактуулуктун, укуктук мамилелердин негиздерин калыптандыруу.
- Предметтик компетенттүүлүктөр
Компетенттүүлүк мамиле “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметтин ишке ашыруу процессинде (билим берүүнүн максаттарын аныктоо, билим берүүнүн мазмунун тандоо, билим берүү процессин жүзөгө ашыруу жана билим берүүнүн натыйжаларына баа берүү принциптеринде) негизги болуп саналат.
Диндерди таанып-билүүчүлүк компетенттүүлүк:
- диний кубулуштарды жана фактыларды акыл-эстүү түшүнүү, аларга баа берүү жөндөмдүүлүгү, анын негизинде өзүнө да, башка адамдарга да социалдык, психологиялык, руханий жактан зыян келтирбестен аракеттенүүсү;
- түрдүү диний ишенимдерди тутунган элдердин нарк-насилдерин, каада-салттарын, адеп-ахлагын айырмалай алуусу;
- дин негиздери жана салттуу дин тууралуу түшүнүктөргө ээ болуусу;
- алынган маалыматтарды сынчыл ойломдун негизинде талдап, жыйынтык чыгара алуусу;
- ар кандай диний ишенимдерге жана каада-салттарга сабырдуу мамиле жасоосу;
- коомдун диний жана диний эмес тараптарынын ортосундагы ар кандай келишпестиктерди плюралисттик мамиле аркылуу чече алуусу.
Жарандык компетенттүүлүк:
- улуттук нарк-насилдерге, руханий, адеп-ахлактык баалуулуктарга урмат-сый менен мамиле жасай алуусу;
- көп улуттуу жана көп конфессиялык чөйрөдө маданияттуу баарлаша алуусу;
- курчап турган реалдуулукка карата өз көз караштарын билдире алуусу;
-конфликтүү кырдаалдарда тең укуктуу мамилелердин жана өз ара урматтоонун негизинде диалог жүргүзүп, конструктивдүү маанайда чече алуусу;
- диний ишенимдерге, маданий мурастарга толеранттуу мамиле жасоосу.
Руханий-адептик компетенттүүлүк:
- өз Ата Мекенин, мамлекетин урматтайт, өз өлкөсүнө сыймыктануу сезими менен мамиле жасай алуусу;
- жарандык иденттүүлүгүн аӊдап билет, этностор жана диндер аралык чөйрөдө толеранттуу мамиле жасоосу;
- үй-бүлөнүн салттуу баалуулуктарын урматтоосу;
- улуттук жана диний-маданий баалуулуктарды урматтап, руханий-адеп-ахлактык сапаттарга ээ боло алуусу;
- көз караштык мамилелердин түрдүүлүгүн эске алуу менен ой-пикирди жана ишенимди эркин тандоо укугун жүзөгө ашыра алуусу;
- гумандуулук жана демократиялык баалуулуктарды таанып билүүсү.
Көп маданияттуу компетенттүүлүк:
- башка маданияттарды жана диндерди түшүнүүгө жана сыйлоого негизделген көп улуттуу, көп маданияттуу жана поликонфессиялык чөйрөдө жигердүү жана натыйжалуу жашоо жөндөмдүүлүгү, ар кандай улуттагы, расалык, ишеним, курактагы адамдар менен тынчтыкта жана ынтымакта жашоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу;
- маданияттар аралык өз ара аракеттенүүнүн өзгөчөлүктөрүн адекваттуу баалоого мүмкүндүк берген көндүмдөргө жана жөндөмдүүлүктөргө ээ болуусу;
- өзүнүн өзгөчөлүктөрүн түшүнөт жана белгилүү бир маданиятка таандыгын, маданий иденттүүлүгүн аӊдап билүүсү.
- ПРЕДМЕТТИН МАЗМУНУ
2.1. 9-класстын окуу программасы
9-КЛАСС
(Жумасына 1 саат, жылына 34 саат)
I бөлүм. ДҮЙНӨЛҮК ДИНДЕРДИН НЕГИЗДЕРИ
Киришүү (1с)
1-тема. Диндердин негиздери жөнүндө түшүнүк (1с.)
Дин деген эмне? Диндердин негиздерин кандай түшүнөбүз?
2-тема. Буддизмдин негиздери (2с.)
Буддизмдин негиздери. Будда жөнүндө баян. Буддизмдин принциптери. Будданын окуусунун өзөгүн түзгөн “төрт асыл чындык”. Буддизмдеги сегиз тилимдүү жол.
3-тема. Христианчылыктын негиздери (2с.)
Христианчылыктын негиздери. Иса жөнүндө баян. Инжилдин жазылышы. Үч Кудай (Үчилтик). Күнөөдөн арылуу доктринасы. Чиркөө сырлары.
II бөлүм. ИСЛАМ ДИНИНИН НЕГИЗДЕРИ
4-тема. Ислам дининин негиздери (2с.)
Ислам дининдеги негизги булактар. Куран, Сүннөт, Ижма, Кыяс.
5-тема. Ишеним (2с.)
Ыймандын негиздери. Алла Таалага ыйман келтирүү. Ыйык китептерге ыйман келтирүү. Тагдырга ыйман келтирүү.
6-тема. Ибадат (2с.)
Ибадат деген эмне? Ибадат кылуу. Ибадаттын бөлүнүшү. Исламдын түркүктөрү. Ибадаттын маанилүүлүгү. Ибадаттарды аткаруудагы жоопкерчиликтер жана шарттар.
7-тема. Ахлак (1с.)
Адеп-ахлак. Адеп-ахлактын булагы.
8-тема. Мухаммед пайгамбардын замандаштары: Сахабалар баяны (2с.)
Сахабалар кимдер. Алгачкы сахабалар. Мадинага көчүү. Пайгамбардын төрт халифи.
III бөлүм. КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ХАНАФИЙ МАЗХАБЫ ЖАНА МАТУРИДИЙ ИШЕНИМИ
9-тема. Имам Аазам жана Ханафий мазхабы (2с.)
Имам Аазам-Абу Ханифа. Ханафий мазхабы.
10-тема. Ханафий мазхабынын өзгөчөлүктөрү (2с.)
Фикхтын функциясы. Ханафий мазхабынын ыкмалары.
11-тема. Ханафий мазхабынын Борбордук Азияга таралышы (1с.)
Ханафий мазхабынын алгачкы таралуу тарыхы. Ош шаарынан чыккан аалымдар. Өзгөн шаарынан чыккан аалымдар.
12-тема. Абу Мансур аль-Матуриди жана ишеним мектеби (1с.)
Баштапкы мезгил. Калам илими. Матуридий калам мектеби.
IV бөлүм. МАМЛЕКЕТ ЖАНА ДИН
13-тема. Кыргыз Республикасындагы мамлекет менен диндин өз ара кызматташуусу (2с.)
Мамлекет менен диндин байланыш түрлөрү. Кыргыз Республикасынын динге жана диний уюмдарга карата мамлекеттик саясаты.
14-тема. Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты (1с.)
Кыргызстандагы постсоветтик диний абал. Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын негиздери.
15-тема. Радикализм, экстремисттик жана террористтик уюмдар (2с.)
Экстремизм, терроризм жана радикалдашуу түшүнүктөрү. Радикализм. Экстремизм. Терроризм. Жаштардын экстремисттерге азгырылуусу жана анын алдын алуу маселеси. Кыргыз Республикасынын “экстремисттик ишмердүүлүкө каршы туруу жөнүндөгү” мыйзамы.
16-тема. Конфессиялар аралык ынтымак жана толеранттуулук (2с.)
Толеранттуулук. Динде мажбурлоо жок. Диндердин (адамзаттын) орток баалуулуктары. Жакшы иштерде биргелешүү. “Ырыс алды-ынтымак”.
Мугалимдин ыктярында: 6 саат
- Курстун аягындагы күтүлүүчү натыйжа
9-класста «Диндердин өнүгүү тарыхы» предметин окуп-үйрөнүүдө окуучу:
- Дүйнөлүк диндердин негиздерин талдай алат;
- Буддизмдин негиздерин аныктап берет;
- Христианчылыктын негиздерин мисалдар менен түшүндүрүп бере алат;
- Кыргызстандагы буддизм жана христиан динин пайда болуусун тарыхый булактар менен далилдей алат;
- Ислам динин негиздерин: ишеним, ибадат, ахлак боюнча түшүндүрмө бере алат;
- Кыргызстандагы Ханафий мазхабы негизги укуктук мектеп экендигин, анын маанисин жана баалуулугун оозеки жана жазма түрүндө түшүндүрүп бере алат;
- Абу Мансур аль-Матуриди жана ишеним мектебинин өзгөчөлүктөрүн аныктап берет;
- Мамлекеттин өнүгүүсүнө диндин тийгизген таасирин анализдейт;
- Кыргыз Республикасынын көп улуттуу калкынын диний ишенимдерине негизделген баалуулуктарына сабырдуулук менен карайт;
- Коомдук тынчтык жана ынтымак үчүн өз ара диалогго негизделген көп улуттуу жана көп конфессиялык чөйрөдө баарлаша алат;
- Экстремизм, терроризм жана радикализм түшүнүктөрүнө аныктама берет;
- Коомдун коопсуздугуна коркунуч келтирген диний иш-аракеттердин кылмыш экенин түшүнөт, өзүнүн ишмердүүлүгүн мыйзамдын негизинде жүргүзөт;
- Кыргызстандагы диний уюмдардын ѳзгѳчѳлүгүн жана укуктук макамын аныктайт;
- Экстремисттик, диструктивдик маалыматтарды айырмалай алат. Диний негиздер жана салттуу дин эмне үчүн керектигин аңдап билет;
- Жашоодо инсандын руханий калыптануусунун зарылдыгын түшүнөт жана колдоно билет.
III. УСУЛДУК УЮШТУРУУ КӨРСӨТМӨЛӨРҮ
3.1. Окутуунун негизги ыкмалары
Бүгүнкү күндө окутуунун акыркы натыйжалары – бул теориялык билимдердин жыйындысы болбостон, ал билимдерди окуучулар практикада, өз жашоосунда, өзүн-өзү өнүктүрүүдө колдонуу болуп эсептелет. Демек, окуу процессинде колдонулуп жаткан педагогикалык технологиялар окутуунун күтүлүүчү натыйжаларына кепил болуп, аны камсыз кылуу керек.
Педагогикалык технология – бул окутуунун максатына жетүүнү камсыз кылүү үчүн колдонулган усулдардын, формалардын, каражаттардын, ыкмалардын, материалдык ресурстардын тыгыз байланыштуу биримдиги.
“Билим берүү жөнүндө” мыйзамга ылайык, “мугалим педагогикалык ишти уюштуруунун ыкмаларын жана формаларын эркин тандоого”, б.а. окутуу ыкмаларын/технологияларын эркин тандоо укугу.
Окутуунун методдору – бул окуу процессинде окуучу менен мугалимдин өз ара байланышын чагылдырган ыкмалардын, мамилелердин жыйындысы. Азыркы учурда окуу процесси негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдү калыптандырууга багытталган окуучу менен мугалимдин өз ара аракети катары каралат. Ошондуктан, окуучулардын компетенттүүлүктөрүн калыптандырууда окутуунун активдүү методдорун колдонуу максатка ылайыктуу. Анткени, окутуунун активдүү методу – бул окуу процессинде окуучу менен мугалимдин өз ара бирдиктүү иш аракетинин формасы жана окуучу пассивдүү угуучу катары эмес, окуу процессинин активдүү катышуучусу катары каралат.
Учурда окутуунун интерактивдүү ыкмаларын активдүү методдордун формасы катары кароого болот. Башкача айтканда, өз ара аркеттенүү, маектешүү режиминде болуу менен бирге окуу процессинде окуучу бир эле мугалим менен өз ара аракетте болбостон, башка окуучулар менен да биргелешип окуу милдеттерин ишке ашырышат. Интерактивдүү сабактарда мугалимдин ролу активдүү лектор катары каралбастан, багыт берүүчү жана уюштуруучулук деңгээлге чыгат. Ал эми окуучулар окуу материалын өз алдынча, жуптарда, топтордо окуп-үйрөнүшөт. Окуучулардын окуп-үйрөнүү процессин уюштурууда төмөндөгүдөй иш аракеттерди камтыш керек: окуу, угуу, талкулоо, практика, бири-бири менен пикир алмашуу.
3.2. Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо
“Диндердин өнүгүү тарыхы” предметин окутуу процессинде окуучулардын жетишкендиктерин баалоодо өзгөчөлүктөр бар. Себеби, «Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети окуучулардын инсандыгынын когнитивдик гана эмес, өзгөчө эмоционалдык-нарктык компонентине да таасирин тийгизерин эске алуу менен, мугалимдин окуучулардын ишенимине баа берүүгө укугу жок экендигин түшүнүү керек. «Диндердин өнүгүү тарыхы» предметиндеги окуп-үйрөнүүдө кубулуштар жана фактылар баалоосуз жана мүнөздөмөсүз маалыматтык формада каралуусу керек.
Баалоо окуунун ички мотивациясын стимулдаштырууга жана өзүн-өзү баалоо, өзүн-өзү талдоо, өз ара баа берүү, өзүнүн жана башка окуучулардын иш-аракеттерине критикалык баа берүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталат, эмоционалдык жагымдуу жана достук маанайды түзүүгө өбөлгө түзөт.
Калыптандыруучу баалоодо окуучунун жөндөмдүүлүктөрүнүн деңгээли эмес, ал аткарган конкреттүү иш бааланат. Берилген тапшырмаларды жеке, жуптук жана топтук ишмердүүлүктө аткара алуусу, активдүү катышуусу, берген жыйынтыгы каралат. Баалоонун критерийлерин (упайларды) колдонсо болот.
Диагностикалык баалоо мугалимдин жалпы класстын жана конкреттүү окуучунун жөндөмдүүлүгүнө жараша ишмердүүлүгүн уюштурууга жардам берет. Ал эми калыптандыруучу баалоодо ар бир окуучунун окуу материалын өздөштүрүп, тапшырмаларды аткара алгандыгы жана компетенттүүлүгүнүн калыптангандыгы критерийлер аркылуу белгиленет.
- НЕГИЗГИ ЧЕНЕМДИК - УКУКТУК ДОКУМЕНТТЕР
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы (2021-ж.);
- Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы (2003-ж.);
- Кыргыз Республикасынын “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Мыйзамы (2008-ж. 31-декабры, N 282);
- Кыргыз Республикасынын “Эркектер менен аялдардын бирдей укуктарынын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүнүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамы (2008-жыл, 4- августу, N 184;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө” Жарлыгы (2021-ж.);
- Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарына Диндердин өнүгүү тарыхы предметин киргизүү жөнүндө” Жарлыгы (2022-ж.);
- Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгы (2022- ж.);
- 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы;
- Кыргыз Республикасында 2021-2040-жылдарда билим берүүнү өнүктүрүү программасы;
- 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы;
- Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты (2022-ж.).
- КОЛДОНУЛГАН АДАБИЯТТАР
- Алмамбет Осмон уулу. Имам Азам Абу Ханифа \ -Б,: 2019.
- Жусубалиев А. Кыргыздардын мусулмандашуу тарыхы \ -Б. : 2016.
- Адильбаев А., Адильбаева Ш. Абу Ханифа и ханафитский мазхаб\ -Б.: 2016.
- Али-заде А. История и правовые методы ханафитского мазхаба / А. Али-заде. – М.: «Ансар», 2008.
- Алмамбет Осмон уулу. Ахлу Сунна акыйдасы \ тууралуу суроо-жооптор\ -Б.: 2020.
- Бартольд B.B. К истории орошения Туркестана/ (город, типограф, изд., год отсутс.). – С.15.
- Бартольд В.В. Сочинения. - Т.1. Туркестан в эпоху монгольского нашествия[Текст] / М.: Издательство восточной литературы, 1963. - 760с.
- Ибну Хальдун. Китаб аль-ибар. – Бейрут. 1987. – С. 164.
- Имам Муслим, би шарх Имам ал- Нававий, Сахих Муслим. – Бейрут.: 1990. – 1360 с.
- Исмаилов Ш.А. Матуридий философиялык мектеби: диний-социалдык анализ [Текст] / Ш.А. Исмаилов // Монография. – Бишкек, 2017. – 143 с.
- Исмаилов Ш.А. Ханафий укуктук мектеби: теориялык-методологиялык анализ [Текст] / Ш.А. Исмаилов // Монография. – Бишкек, 2017. – 280 с.
- История Кыргызстана с древнейших времен до конца XIX в.: Учебник для вузов. – Бишкек: Фонд Сорос-Кыргызстан, 1995. 368с.
- Караев О. История Караханидского каганата (X - нач. XIII вв.). – Фрунзе: Илим, 1983. - 301с.
- Курбанова, Н.У. Ислам в современном Кыргызстане [Текст]/ Н.У. Курбанова. – Б., 2008. – 212 с.
- Массэ А. Очерк истории ислама [Текст] / М., 1982. - С.52.
- Муминов, А.К. Избранные проезведения [Текст] / А.К. Муминов. – Ташкент: Фан, 1976.
- Сүннөт. Мухаммад Ибну Исмаил ал-Бухарий, Сахих ал-Бухарий, ал-Мансура, Египет – 2002.
Түзүүчүлөр:
- Ибраев Марс теолог, дин таануучу, аалымдар кеңешинин мүчөсү;
- Доталиев А.К. РПККЖ жана КД иниститунун ага окутуучусу;
- Исмаилов Шукур Арпидинович, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Теология кафедрасынын доценттин м.а.;
- Мырзаибраимов Самаган Абдыразакович теолог, дин таануучу;
- Эргешов Эрмамат Калмурзаевич, Кыргызстан Ислам университетинин Гуманитардык билимдер факультетинин деканынын м.а.