Мамлекеттик органдын аталышы: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту (кыскачасы – РПККЖ ж-а КДИ)
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы: квалификацияны жогорулатуу
Кызмат көрсөтүүлөр учурунда көп берилүүчү суроолор |
Жооптору |
РПККЖ ж-а КДИ качан түзүлгөн жана анын уюштуруучусу ким ? |
КР БИМдин алдындагы РПККЖ ж-а КДИ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы № 133-Токтомун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим Министринин 2016-жылдын 16-февралындагы № 193/1-буйругун КББАны кайра уюштуруу жолу менен аткаруу максатында түзүлгөн. Уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги болуп саналат. |
РПККЖ ж-а КДИ өз алдынча мекеме катары расми түрдө качан иштей баштаган ? |
РПККЖ ж-а КДИ өз алдынча мекеме катары расми түрдө 2017-жылдын 1-январынан тартып иштей баштады. |
РПККЖ ж-а КДИ кайда жайгашкан ? |
РПККЖ ж-а КДИнин юридикалык жана иш жүзүндөгү дареги: 720024, Кыргыз Республика сы, Бишкек шаары, Свердлов р-ну, Широкая көчөсү, 1. |
РПККЖ ж-а КДИнин сайтынын дареги кандай? |
www.ripk.kg |
Дистанттык окутуу платформасынын дареги кандай? |
ec.ripk.kg |
РПККЖ ж-а КДИнин кабылдамасынын телефон номери кандай? |
(+996) 312 678285 |
Квалификацияны жогорулатуунун бир жолку курсу канча күнгө созулат ? |
10 күн |
Квалификацияны жогорулатуунун бир жолку курсу канча сааттык ? |
72 сааттык |
Мугалим/педагогикалык кызматкер эмне үчүн квалификацияны жогорулатуу курсунан өтүшү керек жана канча жолу өтүү жетиштүү болот? |
Билим берүүгө, анын мазмунуна, сапаттуулугун камсыз кылууга, аны жүзөгө ашырууга ыңгайлуу шарт түзүүгө болгон талаптардын динамикасынын жыл сайын өсүп бараткандыгына байланыштуу, албетте, бул өзгөрүүлөр мугалимге/педагогикалык кызматкерге, анын предметтик кесипкөйлүк чеберчилигин, психологиялык-педагогикалык билимин өркүндөтүү деңгээлине коюлуучу талаптардын дагы өсүшүн шарттайт . Мугалим заманбап билим берүү тенденцияларына, мамлекеттин жана коомдун талаптарына шайкеш келүүгө тийиш .
Негизги булактардын ченемдик-укуктук базасына ылайык, ар бир мугалим/педагогикалык кызматкер жылына 1 жолудан кем эмес квалификациясын жогорулатуу курсунан өтүүгө тийиш, ал тууралуу төмөнкү документтерде айтылган: КРнын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамы (29-бер.), КРнын «Мугалимдин макамы жөнүндө» Мыйзамы (5-бер.), КРнын Эмгек Кодекси (195–196-бер.). |
РПККЖ ж-а КДИде 1 жылда квалификацияны жогорулатуу багыттары боюнча педагогикалык кызматтардын канча аталыштагы саны өтө алат? |
РПККЖ ж-а КДИде педагогикалык кызматкерлер 1 жылда 40тан ашуун аталыштагы (багыттагы) квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүшөт . |
2019–2020-окуу жылында квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүү үчүн тематиканы жана багыттарды кайдан билүүгө болот ? |
1. «КутБилим» гезити, 2019-жылдын 20-сентябры, № 36. 2. Төмөнкү телефондорго чалып : 678285, 678269. |
РПККЖ ж-а КДИде квалификацияны жогорулатуу курстарынын тематикасы кандайча түзүлөт? |
КР БИМдин алдындагы РПККЖ ж-а КДИ жыл сайын мазмуну мамлекеттик жана стратегиялык маанидеги документтерде (КР Өкмөтүнүн Токтомдору, КР Өкмөтүнүн Программалары жана Пландары, БИМдин Пландары, ЖКнын профилдик комитеттеринин тапшырмалары), жарандык, академиялык жана педагогикалык коомчулуктун кайрылууларында, глобалдуу билим берүү багыттарында чагылдырылган актуалташтырылуучу багыттардан турган мамлекеттик жана социалдык заказдарды алат. |
Квалификацияны жогорулатуу курстары жыл бою өтүлөбү ? |
Ооба, педагогикалык кызматкерлердин өргүү мезгилин кошпогондо (июль, август) . |
Квалификацияны жогорулатуу курстарын кимдер өтүшөт ? Алар өздөрүнүн квалификацияларын жогорулатышабы? |
Окумуштуулардан, тажрыйбалуу методисттерден, тренердик машыгуу жана чоң кишилерди окутуу жаатында тажрыйбалары бар сертификацияланган педагогдордон турган окутуучулар . РПККЖ ж-а КДИ расми түрдө иштей баштаган кезден тартып (2017-ж. 1-январы) окутуучулардын саны 45–50 адамды түзөт, алардын ичинен КМШ өлкөлөрүндө квалификацияларын жогорулатып, Сертификат алгандар : § 2017-жылы – 28 окутуучу. § 2018-жылы – 30 окутуучу. § 2019-жылы – 25 окутуучу. Башкача айтканда, жыл сайын окутуучулардын болжол менен 50 %ы билим берүүнүнүн актуалдуу жана талап кылынган проблемалары боюнча өзүнүн квалификациясын жана кесипкөйлүк деңгээлин жогорулатып турат . |
РПККЖ ж-а КДИде квалификацияны жогорулатуу курстарынын кандай түрлөрү жүзөгө ашырылат? |
РПККЖ ж-а КДИде квалификацияны жогорулатуу курстарынын 4 тиби жүзөгө ашырылат : 1. Дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен өтүлүүчү п рофилдик курстар. 2. Дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен өтүлүүчү п роблемалык-тематикалык курстар. 3. Мектептик билим берүүнүн каникулдук мезгилинде өтүлүүчү күндүзгү квалификацияны жогорулатуу курстары . 4. Билим берүүчү уюмдардын суроо-талаптары боюнча өтүлүүчү квалификацияны жогорулатуучу көчмө курстар . |
Мектепте – ОКУУЧУ, жождо – СТУДЕНТ, ал эми квалификацияны жогорулатуу институтундачы – ? |
Мектепте – ОКУУЧУ, жождо – СТУДЕНТ, ал эми квалификацияны жогорулатуу институтунда – УГУУЧУ. |
Квалификацияны жогорулатуу билим берүүнүн кайсы деңгээлине тиешелүү болуп саналат? |
Квалификацияны жогорулатуу КОШУМЧА КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ (ККББ) деңгээлине тиешелүү. |
РПККЖ ж-а КДИде квалификацияны жогорулатуу курсу акысыз өтүлөбү? |
РПККЖ ж-а КДИде квалификацияны жогорулатуу курсу акысыз да өтүлөт (мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарынын жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн), ошондой эле акы төлөтүп дагы окутулат . |
Жеке менчик билим берүү уюмдары, квалификацияны жогорулатуу курсунун План-графигине ылайык, квалификацияны жогорулатуу курсунан өтө алышабы ? |
Жок, өтө алышпайт. Бюджеттик окутуу мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдары үчүн гана. |
Мектепте иштебеген пенсионерлер пенсиялык күбөлүктүн негизинде квалификацияны жогорулатуу курсунан акысыз өтө алышабы ? |
Жок, акысыз өтө алышпайт. |
«Мугалимдин квалификациясын жогорулатуу» - «Мугалимди кайра даярдоо» - «Мугалимди даярдоо» деген түшүнүктөр бирдей эле түшүнүктөрбү? |
Жок, бирдей түшүнүктөр эмес. Булар ар түрдүү түшүнүктөр. |
«Квалификациясын жогорулатуу» - «Кайра даярдоо» - « Даярдоо» деген түшүнүктөр эмнеси менен айырмалат? |
Квалификациясын жогорулатуу – бул мурда ээ болгон билимдерин жаңылоо, билгичтиктерин, көндүмдөрүн жана жөндөмдүүлүктөрүн өркүндөтүү . Окутуунун бюджеттик түрүндө окуу убактысынын көлөмү – 72 саат. Ал квалификацияны жогорулатуу институтунда (КР БИМдин алдындагы РПККЖ ж-а КДИ), облустук билим берүү институттарында (Ош, Каракол шш.), облустук методикалык борборлордо (Нарын, Талас, Жалал-Абад, Баткен шш.) жүзөгө ашырылат. Кайра даярдоо – бул негизги билимине кошумча кваликацияга ээ болуу. Кайра даярдоодо окуу убактысынын көлөмү: 500 – 1500 саат. Даярдоо – бул мектеп жана мектепке чейинки уюмдар үчүн компетенттүлүктөрдү калыптандыруу . ЖОЖдордо 4 жылдык мөөнөттө жүзөгө ашырылат (бакалавр). Окуу мөөнөтүнүн көлөмү: 5000 саатка чейин жана андан жогору. |
РПККЖ ж-а КДИде иш кайсы тилдерде жүрөт? |
РПККЖ ж-а КДИде иш мамлекеттик (кыргыз) жана расми (орус) тилдерде жүрөт.
|
Квалификацияны жогорулатуу курсунан өткөндөн кийин кандай документ берилет ? |
Сертификат. |
Квалификацияны жогорулатуу курстарында азыркы учурда текшерүүнүн кандай түрлөрү колдонулат ? |
РПККЖ ж-а КДИде текшерүүнүн төмөнкүдөй түрлөрү колдонулат: утурумдук, аралык жана жыйынтыктоочу текшерүү, атап айтканда : иш дептеринин форматындагы кейстик тапшырмалар, сабактын конспектин аргументтештирип жактоо, электрон дук түрдөгү тесттер. |
РПККЖ ж-а КДИде өтүлүп жаткан негизи он-лайн курстары кайсылар? Эмне үчүн ушундай тематикалар алынды? |
РПККЖ ж-а КДИде төмөнкү негизи он-лайн курстары өтүлөт: 1) «Пландоо жана Стандарттар» 2) «Баалоо» 3) «МКТ Кыргызстандын мектептеринде» 4) «Активдүү, интерактивдүү окутуу» 5) «Мугалимди үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү » Бул тематикалар жөн эле тандалып алынган жок . « Педагогдун квалификациялык категорияларына карата талаптар » бар (КР БИМдин 2016-ж. 30-августундагы № 1235/1 жана КР ЭСӨМдүн 2016-ж. 30-августундагы № 143 биргелешкен Буйругу). Бул документте мугалимдин кесиптик ишмердүүлүгүнүн 4 тарамы тастыкталып, алардын мазмуну төмөнкү он-лайн курстарда чагылдырылган: 1) Күтүлгөн натыйжаларды пландаштыруу жана баалоо. 2) Мазмунду тандоо жана түзүү. Активдүү окутуу/үйрөтүү методдоруна ээ болуу. 3) Бардык угуучулар үчүн мотивациялоочу билим берүү чөйрөсүн түзүү. 4) Кесиптик деңгээлди жогорулатуу жана коомдоштуктун өкүлдөрү менен кызматташуу. |
РПККЖ ж-а КДИде квалификацияны жогорулатуунун сапаты деген эмне жана ал кандайча камсыз кылынат ? |
Сапат – бул квалификацияны жогорулатуунун натыйжаларын билим берүүнүн жана квалификацияны жогорулатуунун ченемдерине жана максаттарына шайкеш келтирүү, ошондой эле угуучулардын жана заказ берүүчүлөрдүн (билим берүүчү уюмдардын педагогикалык кызматкерлеринин жана жумуш берүүчүлөрүнүн) керектөөлөрүнө шайкеш келтирүү чарасы . Квалификацияны жогорулатуунун сапаты 3 негизги процесстин деңгээлинде камсыз кылынат : 1) Процесстердин сапатын камсыз кылуу: окутуу/үйрөтүүнүн; окуу процессинин түзүмүнүн; материалдык-техникалык базаны түзүүнүн; инсандар аралык өз ара иш-аракеттердин; ачык академиялык билим берүү чөйрөсүн түзүүнүн; квалификацияны жогорулатууну технологиялаштыруунун; маалыматтарды санариптештирүүнүн; квалификацияны жогорулатуу институттарынын жана борборлорунун педагогдорунун квалификациясын жогорулатуунун ж.б. 2) Билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу: квалификацияны жогорулатуу программаларынын мазмунун жаңылоо; квалификацияны жогорулатуудан кийинки күтүлгөн натыйжаларды баалоо каражаттарын жаңылоо; педагогикалык кызматкерлердин компетенцияларын баалоо өңүттөрүн өзгөртүү; окутуу технологияларын жана методдорун модернизациялоо; заманбап окутуу технологияларын киргизүү; электрондук окутуу курстарын иштеп чыгуу ж.б. 3) Билим берүүнүн натыйжаларынын сапатын, т.а. угуучулардын квалификацияны жогорулатуу процессинде калыптануучу компетенцияларын камсыз кылуу: сапат менеджментинин системасын түзүү, квалификацияны жогорулатуунун сапатын калыптандыруунун критерийлерин, көрсөткүчтөрүн жана деңгээлдерин иштеп чыгуу. |
Дистанттык окутуу деген эмне? |
Дистанттык окутуу – окутуучу менен угуучулардын ортосундагы түздөн-түз, жекече байланышсыз, заманбап маалыматтык жана телекоммуникациялык технологияларды колдонууга негизделген аралыктан туруп окутууну шарттаган окуу процессин жүзөгө ашыруу ыкмасы. |
Дистанттык билим берүү деген эмне? |
Дистанттык билим берүү – бул окуу маалыматын алмашууну, окуу процессин жетектөө жана алып баруу системасын жүзөгө ашырууну аралыктан туруп камсыз кылуучу маалыматтык технологияларды колдонууга негизделген билим берүү чөйрөсүнүн жардамы менен билимдерди жана көндүмдөрдү калыптандыруу процесси . |
Дистанттык билим берүү технологиялары (ДББТ) деген эмне? |
Дистанттык билим берүү технологиялары (ДББТ) – бул угуучу менен педагогикалык кызматкердин өз ара толук эмес же жарым-жартылай толук эмес иш-аракеттеринде негизинен маалыматташтыруу жана телекоммуникация каражаттарын колдонуу аркылуу жүзөгө ашырылуучу билим берүү технологиялары. |
«E-learning» түшүнүгү эмнени билдирет? |
E-learning – электрондук же интернеттик окутуу, т.а. глобалдуу желе аркылуу компьютердик окутуу программаларын колдонууга мүмкүнчүлүк берүү .
|
Он-лайн курс деген эмне? |
Он-лайн курс – бул электрондук окутуу технологияларын колдонуу жана жалпы интерактивдүү катышуу жолу менен Интернет аркылуу окутулуучу курс , дистанттык билим берүүнүн бир түрү. |
МКТ деген эмне? |
МКТ – маалыматтык-коммуникациялык технологиялар – бул маалыматты чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо, жайылтуу, чагылдыруу жана колдонуу максатында интеграцияланган методдордун, процесстердин жана программалык-техникалык каражаттардын жыйындысы . |
РПККЖ ж-а КДИ өзүнүн 2019–2020-окуу жылындагы ишмердүүлүгүндө кандай негизги тренддерди жүзөгө ашырат? |
РПККЖ ж-а КДИ үчүн 2019–2020-окуу жылындагы негизги тренддер төмөнкүлөр: 1. Санариптештирүү – РПККЖ ж-а КДИ квалификацияларын жогорулаткан мугалимдер жөнүндө билдирүүлөрдү чогултуу жана аларды КР Өкмөтүнүн «АБ» («Ачык Билдирүү») порталына жайгаштырууну жүзөгө ашырат. 2019-жылдын 23-сентябрынан тартып Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча (ал эми 2020-жылдын январь айынан тартып өлкө аймактарында) «Квалификацияны дистанттык жогорулатуунун модели», т.а. дистанттык билим берүү технологияларын (ДББТ) колдонуу менен квалификацияны жогорулатуу киргизилди . О кутуу он-лайн курстар боюнча жүргүзүлөт . 2. Аймактарды өнүктүрүү – РПККЖ ж-а КДИде «Аймактык өз ара желелик байланыштар модели» иштелип чыгууда. Аны 2020-жылы жүзөгө ашыруу пландаштырылууда. Ал өлкөнүн бардык аймактары боюнча квалификацияны жогорулатуу процессин интеграциялоону шарттайт. 3. Квалификацияны жогорулатууну технологиялаштыруу – РПККЖ ж-а КДИде квалификацияны жогорулатуунун жаңыча технологиялары (дистанттык), билим берүүнүн заманбап окутуу технологиялары, угуучунун компетенттүүлүк деңгээлин заманбап жана ачык баалоо технологиялары киргилди. 4. Үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү (ҮКӨ) – бул педагогдун кесипти тандап алган кезден тартып карьерасынын акырына чейинки педагогикалык билим берүү, квалификациясын тынымсыз жогорулатуу жана өзүнүн билим берүүчүлүк талаптарын канаттандыруу максатындагы жеке инсандык билим траекториясын жүзөгө ашыруу аркылуу ишке аша турган ыраттуу калыптануу жана кесиптик жактан өсүү процесси. |
2019–2020-окуу жылындагы квалификацияны жогорулатуу курстарынын тизмесине кандай жаңы тематикалар киргизилди ? |
РПККЖ ж-а КДИде 2019–2020-окуу жылында квалификацияны жогорулатуу курстарынын төмөнкүдөй жаңы тематикалары киргизилди: § «Окутуудагы компетенттүүлүк өңүт: маани-маңызы жана мазмуну». § «МКТ» ( маалыматтык-коммуникациялык технологиялар). § «Мультимедиалык билим берүү чөйрөсүндөгү натыйжалуу сабак ». § «Суициддик жүрүм-турумдун алдын алуу», «Мектеп чөйрөсүндөгү чыр-чатактардын алдын алуу», «Өспүрүм курактагы балдардын психологиялык өзгөчөлүктөрү», «Үй-бүлөлүк чыр-чатактарды байкоонун жана чечүүнүн психологиялык-укуктук аспектилери», «Башталгыч жана негизги мектептердеги гиперактивдүү балдар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү ». § «Мугалимдин мигрант үй-бүлөлөр менен иш жүргүзүүсүнүн психологиялык өзгөчөлүктөрү », «Окуучуларды руханий-адептик жактан тарбиялоо », «Педагогдун кризистик жана чукул кырдаалдарда иш жүргүзүүсүнүн психологиялык-педагогикалык аспектилери». § Компьютердик сабаттуулук. § Базалык программалаштыруу жана алгоритмдештирүү («Алтын түйүн» менен биргеликте). § Роботтук техниканын жана автоматташтыруунун негиздери («Алтын түйүн» менен биргеликте) § Инклюзивдик билим берүү § Манас таануу § Балдарды мектепке даярдоо жана эрте өнүгүү программалары: «Энелик мектеп», «Наристе», «Балалык» § «Насаатчылык» программасы (БААУ менен биргеликте), «Педагогикалык чеберчилик» § ж.б. |