News

Индиянын Пуна шаaрындагы Симбиоз

Индиянын Пуна шаaрындагы Симбиоз

Индиянын Пуна шаарындагы Симбиоз Эл аралык университетинин Симбиоз Эл аралык Билим берүү борборунун директору Доктор Анита Патанкар, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун жалпы жамааты менен тегерек стол четинде жолугушту.

Дүйнөлүк практикада колдонулган билим берүү тармагынын күңгөй-тескейлерин талкуулашып, ары кызыктуу жана пайдалуу кеңири баарлашуу болуп өттү.   

Доктор Анита Патанкар өз сөзүндө жогоруда аталган университет жөнүндө   толук маалымат берип, заманбап билим берүүнүн артыкчылыктарына токтолуп, ой-пикирин бөлүштү.

Ошондой эле, ал сөз соңунда  тыгыз кызматташууларды жүргузүп, тажрыйбаларды бөлүшүүгө даяр экенин белгиледи.

Айта кетсек, Индиянын Пуна шаары – университтердин шаары катары таанымал болсо, ал эми Симбиоз университети- өлкөдөгү жогорку орунду ээлеген университеттердин бири.

WhatsApp Image 2023-02-13 at 11.27.51 (1).jpeg

WhatsApp Image 2023-02-13 at 11.27.53 (1).jpeg

WhatsApp Image 2023-02-13 at 11.27.52 (1).jpeg

WhatsApp Image 2023-02-13 at 11.27.52.jpeg

Posted on Feb 12, 2023