loader

Контент Жок

Бул куну биз Улуу Ата Мекендик согуштун фронтторунда эрдик менен салгылашып, аталарыбыздын болуп көрбөгөндөй эрдигин өзгөчө урматтоо сезими менен эскеребиз…

Ардагерлердин алдында башыбызды ийип, согушта курман болгондордун элесине таазим этебиз! КР БбИМ алдындагы РПККЖ ж-а КДИнин алдында бир нече жылдан бери 9-май Улуу Жеңиш кунунө арналган “Аталарга арнайбыз” аттуу шахмат-шашки оюндары боюнча иш чара өткөрулуп, традицияга айланды. Бул иш-чараны баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы М.Д.Немолякина кызыктуу кылып өткөруп келе жатат.

Быйылкы шахмат-шашки оюну № 35-жалпы орто билим беруу мектебинин мугалимдери жана окуучуларынын катышуусу менен өткөрулду. Мелдеш 4-майда өтту. Иш-чараны Республикалык институттун окуу-методикалык жана окуу иштери боюнча директордун орун басары А.Ж. Шергазиев ачып баардык катышуучуларга ийгилик каалады. 35-мектептин директору Р.С.Сабыров катышуучуларды келе жаткан Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктап, балдарга келечекте мекенге кызмат кылууга жана терең билим алуу керектигине токтолду.

Балдар учун шахмат оюнунун пайдасы талашсыз. Оюндун журушундө логикалык жана абстрактуу ой жугуртуу активдуу өнугөт, кучтуу эрк, чечкиндуулук жана жеңишке умтулуу калыптанат. Жеңилгендер ага жоготууну туруктуу баштан өткөруугө, өзун –өзу сындоо менен мамиле кылууга жана анализ жургузуп, керектуу тажрыйбаны иштеп чыгууга уйрөтөт.

Мектеп окуучулары тажрыйбалуу агай-эжейлери менен ойноп, чыгармачыл ой жугуртуу жана эске тутуу жөндөмдөрун сынап көрушту.

Республикалык институттун директору А.Д. Токтомаметов менен 35-мектептин директору Р. С. Сабыровдун шахмат оюну мектеп окуучуларына өзгөчө кызыктуу болду. Институттун кызматкерлери О. Тугөлбаев, Г. Каракозуева, К. Кыдынова, К. Орокова, Ж. Бектенова ж.б. бул иш-чаранын активдуу катышуучулары болуп, оюнду жандандырышты.

Шахмат-шашки оюну абдан кызыктуу өтуп жакшы маанайды тартуулады.

Иш-чаранын акырында жеңуучулөргө граммоталар тапшырылды.