loader

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ РЕСПУБЛИКАЛЫК ПЕДАГОГИКАЛЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ ЖАНА КАЙРА ДАЯРДОО ИНСТИТУТУ

2023-жылга сырттан-дистанттык окуу формасында орто жана жогорку кесиптик билимдин базасында абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт

Орто жана жогорку кесиптик билимдин базасында окуу мөөнөтү-1,5 жыл,

Жылдык окуу акысы-24000 сом

Окуу жайда тѳмѳндѳгүдѳй адистиктер боюнча кошумча кесиптик билим берүү жүргүзүлѳт:

  • Кыргыз тили жана адабияты
  • Орус тили жана адабияты
  • Социалдык педагог
  • Билим берүүнүн менеджменти
  • Педагогика (Орто кесиптик жана жогорку кесиптик окуу жайынын окутуучусу)
  • Мектепке чейинки билим берүү
  • Башталгыч класстарда билим берүү
  • Социалдык билим берүү (Диндердин өнүгүү тарыхы сабагынын мугалими)
  • Химия жана биология
  • Физика-математика
  • Аскерге чейинки даярдык
  • Дене тарбия
  • Китепкана таануу
  • Информатика
  • Педагогика (Педагогикалык эмес адистиктер үчүн жалпы билим берүүчү мектептердин мугалими)

Кирүү сынактары аңгемелешүү формасында өтөт. Окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт. Бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик үлгүдөгү диплом берилет.

Документтер 1-апрелден баштап кабыл алынат.

 

Төмөнкү документтер талап кылынат:

 

  • Кабыл алуу жѳнүндѳ арыз
  • Орто же жогорку кесиптик билими тууралуу документ (нотариустан бекитилген)
  • 3х4 формасындагы сүрѳт (4 даана)
  • Ѳздүгүн тастыктаган документтер
  • Иштеген жеринен справка (эгер иштесе)

Биздин дарек: Бишкек шаары, Широкая көч. 1а, 114, 116-бөлмө

Телефондор: 678286, 678285, 679044