loader

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz.

2025-жылдын 01-мартынан баштап Бишкек шаарындагы №59 жалпы билим берүүчү орто мектебинде “Окутуунун сапатын башкаруунун методдору жана стратегиялары” аттуу темада 43 мугалимге 72 сааттык атайын көчмө курс п.и.к., доцент Т.А.Асанакунов тарабынан башталды. Бул курста негизинен окуп-үйрөнүү максаттарын аныктоо, сабак берүүнүн жаңы усулдары, компетенттүүлүккө багытталган окутуунун жаңы усулдары, ошондой эле окуучулардын жетишүүсүн баалоонун жаңы усулдары боюнча мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу аркылуу сапаттуу окутуунун жеткиликтүүлүгүн камсыздайт. Предметтик стандарттарды жана Мамлекеттик билим берүү  стандарттарынын(2023-ж) талаптары менен биргелешип иштѳѳ аркылуу талкуулашат. Окурмандык сабаттуулукту калыптандыруудагы PISAнын талаптарын талкуулашат. Натыйжада угуучулар тарабынан сабактын максаты окуучунун позициясында коюлган, андагы күтүлүүчү натыйжалардын көрсөткүчтөрү критерийлер аркылуу аныкталган, сабактардын иштелмелери даярдалат.

kir
kir