loader

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz.

2025-жылдын 24-февралында “Инновациялык технологиялар борборунун” ага окутуучусу Сартова Зыйнаткуль Асаналиевнанын “ЖРТга даярдоодо окуучулардын сөздүк-логикалык ой жүгүртүүлөрүн калыптандыруу жана баалоо”программасынын алкагында Бишкек шаарынын мектептеринин 39 кыргыз тилчиси 72 сааттык курстун ( 6 күн офлайн,4 күн онлайн) офлайн форматын аяктап жатып, угуучулар курстан алган билимдеринин негизинде иштиктүү -оюн формасында ЖРТнын бөлүмдөрү боюнча иш-чара өтүштү.Командаларга бөлүнүү менен ар бир топтун мүчөлөрү өздөрүнө бөлүнгөн “Аналогия”,”Сүйлөмдөрдү толуктоо”,”Окуу жана түшүнүү”,ошондой эле,”Кыргыз тилинин практикалык грамматикасы” бөлүмдөрү боюнча тапшырмаларды түзүшүп,институттун эмгек жамаатына оюн түрүндө тааныштырышып,натыйжада ,катышкан институттун кызматкерлери ал тапшырмаларды аткарышып,туура аткаргандар сюрприздерге ээ болушту.Акырында,курстун катышуучулары мындай курска биринчи жолу катышып, ЖРТга мектеп окуучуларын даярдоо жолдору боюнча жеткиликтүү билим,аны иштөөнүн усулдары боюнча кеңири маалымат бергендиги үчүн Сартова З. эжейлерине терең ыраазычылыктарын билдиришти .

kir
kir