loader

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz.

2025-жылдын 17-февралынан баштап,Бишкек шаарынын Октябрь жана 1-Май райондорунун мектептеринин кыргыз класстарынын кыргыз тилчи мугалимдеринин “Жалпы Республикалык Тестке мектеп окуучуларын даярдоодо алардын сөздүк-логикалык жөндөмдөрүн калыптандыруу жана баалоо” программасы боюнча 72 сааттык курсу офлайн форматында башталып,курска 40 мугалим катышууда.Курсту институттун Инновациялык технологиялар борборунун ага окутуучусу Сартова Зыйнаткүл Асаналиевна алып барууда. Окутуунун 1-күнү мугалимдер КРнын Билим берүүсүнүн мамлекеттик стандартынын 5 бапы (главасы) боюнча топторго бөлүнүшүп,ар бир главаны кенири талкуулашып, презентациялашты. Курстун угуучулары “Негизги тесттин” “Аналогия”,”Сүйлөмдөрдү толуктоо” бөлүмдөрү боюнча атайын даярдалган слайддар менен таанышышып, тесттер иштешип, жупта,топто
талкуулашып, өздөрү үчүн бүгүнкү тренинг абдан пайдалуу болгондугуна ыраазычылыктарын билдиришти.Кийинки күндөрү Негизги тесттин калган бөлүктөрү боюнча атайын даярдалган материалдар менен таанышышып,ал багытта практикалык иштер көбүрөөк жүргүзүлө тургандыгын курстун
жетекчиси билдирди.

kir
kir