2025-жылдын 8-январынан 21-январына чейин Бишкек шаарынын N77 жалпы орто билим берүү мектебинин жетекчилигинин өтүнүчү боюнча, аталган мектептин 51 мугалими “Мугалимдердин методикалык компетенттүүлүгүн өркүндөтүү” аталыштагы көчмө курстан окушту. Курстун алкагында мугалимдер STEAM жана PISA боюнча маалыматтар, аларга байланыштуу тапшырмаларды аткаруу менен таанышышты. Билим берүүдөгү жаңы тенденцияларга байланыштуу мугалимдер Окуу сабаттуулугу, математикалык сабаттуулук, табигый-илимий сабаттуулук боюнча адабияттар менен таанышышты. Эки жумалык курсту аяктагандан кийин мугалимдер онлайн тестирлөөдөн өткөрүлүп сертификатка ээ болушту. Курсту КР ББИМнин алдындагы РПККЖ жана КДИнын ТИМБб кафедрасынын башчысынын м.а., п.и.д., проф. Б.М. Кособаева өткөрдү.
