loader

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен өткөрүлүп жаткан “PISA компетенцияларын калыптандыруу аркылуу окуучулардын табигый-илимий сабаттуулугун жогорулатуу” курсунун экинчи агымы жүрүүдө.

“3-тайпада №7 Айдеркен, №37 Биринчи Май, №31 Б.Алыкулов, №20 О.Маканов, №67 Кыргызстандын 10 жылдыгы, №41 К.Сатаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептеринин STEM мугалимдери тренингдин мазмунун кызыгуу менен кабыл алышып, практикалык жактан заманбап технологияларды колдонуп жумуштарды дилгирлик менен аткарышып, абдан активдүү катышып жатышат. 4 күндүк семинардын жүрүшүндө жүрөктөн түнөк таап, ар бирине дагы да сый-урматым артты”,- деп белгилейт Баткен облусундагы мастер-тренер Гүлмира Исакова.

kir
kir