loader

КР БИМдин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда институттун директору А.Д.Токтомаметовдун төрагалыгында аппараттык кеңешме болуп өттү.

Аппараттык кеңешмеде Окуу жана китепкана бөлүмүнүн башчысы Л.С.Шаршембаева 2023-2024-окуу жылынын план-графигинин аткарылышы, окуу жүктөмдөрүнүн аткарылышы боюнча отчет берди.

Ал эми Инновациялык-информациялык технологиялар жана басма ишмердиги бөлүмүнүн башчысы Ж.Б.Бектенова “Методикалык куржун” окуу-усулдук базасы, санариптештирүү, басып чыгарылган сертификаттардын саны боюнча отчет берди.
Кадрлар жана кеңсе бөлүмүнүн жетектөөчү адиси К.Орокбаева эмгек тартиби жөнүндө маалымат берди.

Аппараттык чогулушта каралган маселелер боюнча суроо-жооптор, талкуулар болуп, тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.

ru_RURussian