loader

Sorry, this entry is only available in Russian.

8-май күнү КР БИМдин алдындагы РПККЖжКДИде ар кайсы аймактардан келген мугалимдер менен окутуучулардын катышуусунда “Аталарды даңктайбыз” аттуу иш-чара Улуу Жеңиш майрамына арналып, шахмат жана шашки оюндары боюнча мелдеш өткөрүлдү.

9-Май Жеңиш күнү баардыгыбыз үчүн ыйык күн! Анткени бардыгыбыздын чоң аталарыбыз биздин келечек үчүн согушта курман болушкан. Аталарыбыздын эрдиги эч качан унутулбайт! Биздин тилегибиз эч качан, эч жерде согуш болбосун!

Бул иш-чарага институттун директору Токтомаметов Алмазбек Даткабекович өзү катышып, өнүккөн Сингапур өлкөсүндө мектеп программасында шахмат оюну, кадимки сабак болуп өткөрүлөрүн айтып, бул оюндун артыкчылыктарын баса белгиледи. Шахмат жана шашки оюндарына катышкан мугалимдер менен иснтитуттун кызматкерлеринин ортосундагы оюндар өтө кызыктуу, эмоционалдуу, көңүлдүү өттү. Оюнга жигердүү катышкан катышуучуларга ыраазычылык Грамоталар тапшырылды.

Бул иш-чараны Окуу жана китепкана бөлүмүнүн жетектөөчү кызматкери Немолякина Майрамбубу Думуковна уюштурду.