loader

Контент Жок

27-апрель 03-май 2024 аралыгында онлайн форматта өтүлгөн “Диндердин өнүгүу тарыхы предметин окутуунун методикасы” аталышындагы мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курсунун кезектеги угуучулары, Билим берүү стандарты, Предметтик стандарт, Негизги жана предметтик компетенттүүлүктөр, Дин сабагын окутуунун дүйнөлук тажрыйбасы, Светтик өлкөдө динди окутуунун негиздери, Диний чөйрөдө мамлекеттик саясат, Диний секта, агым, мазхаб терминдери, Салттуу дин түшүнүгү, Дүйнөлүк диндер, Улуттук диндер, диний түшүнүктөр ж.б. темаларда теориялык маалыматтарга ээ болушту. Ар бир сабактын аягында талкуу менен уланган лекциялык сабактардын аягында, долбоордук негизде практикалык сабакты уюштуруу максатында угуучулар алган маалыматтарын аты аталган предметти окутуунун жана сабактын иштелме планын түзүүнүн ыкмалары боюнча тапшырмаларды аткарышты. Кезектеги агымдын угуучуларына лекция окуган жана практикалык иштерин көзөмөлдөгөн лектор, КР БИМдин алдындагы РПККЖжКДИнин ППСГО кафедрасынын ага окутуучусу Ph.D доктор Эргешов Эрмамат Калмурзаевич белгилегендей; Диндердин өнүгүү тарыхы предметин окутуунун ыкмаларын өздөштүрүү жана педагогикалык чеберчилигин өнүктүрүү жаатында мугалимдердин кызыгуусу жогору. Курста өтүлгөн онлайн сабактын үлгүсүн көрүү үчүн төмөнкү ссылканы басып маалымат алууга болот: https://youtu.be/X0la3bPqKvc?si=tBo0GvxytKMPM_hV