loader

Контент Жок

“Билим алуу – эрдик. Аны тереңирээк окуу – акылмандык. Алган билимди жашоодо колдонуу – искусство”

“Кыргыз тили жана адабияты адистиги” боюнча кайра даярдоо бөлүмүндө окуган
студент-мугалимдердин курстан кийинки пикирлери

Кумардавлетов: Кенжеке эже сонун окуттуңуз. Негизи компетенттүүлүк, предметтик компетенттүүлүк, STEM, PISA. Жакканы практикалык аткарганыбыз. Көп эле мугалимдер иш жүзүндө жакшы эсинде калат деп ойлойм. Өтө жакканы: “Билим алуу – эрдик, Аны тереңирээк окуу – акылмандык, Алган билимди жашоодо колдонуу – искусство”, – деп баштадыӊыз эле, биз кичи лекцияны кайра практикада колдонуп – искусствого жеткендей болдук.
Гульмира: 10 күн окуп, өзүбүздүн билим куржунубузду толуктадык. Канча жыл иштесең деле, мугалим улам өз билимин толуктап, жаңылап туруш керек экен. Бул жагынан Кенжеке Эсеналиевна бизге эң сонун маалымат берди. Эң негизгиси сабактын максатын окуучулардын позициясында туура коюп, көрсөткүчтөрдү туура коюуну, негизги жана предметтик компетенттүүлүк, PISA боюнча практикалык иштерди иштөө биз үчүн абдан жакшы болду. Сизге ден соолук, ар дайым бизге окшогон мугалимдерди окутуп, үйрөтө бериңиз.
Тансыгай: Кенжеке Эсеналиевна бизге берген билимиңиз абдан пайдалуу болду. Буюрса сабактарга колдоном деп максат койдум. Кенжеке Эсеналиевна бизди аз убакыттын ичинде көп темаларды үйрөттүңүз жана ошол темаларды практика жүзүндө иштегенибиз абдан пайдалуу болду.
“Жагымдуу кат”, Кеп ишмердүүлүктүн түрлөрү, Негизги компетенттүүлүк – НК, ПК-Предметтик стандарт, Предметтик компетенттүүлүк, Б.Блумдун таксономиясы, Г.Гарднер «Көп түрдүү акыл-эс жөндөмдөрү» боюнча сурагыч менен практикалык иш, Сабактын максаттары,Сабактын типтери
PlSA изилдөөсүндө колдонулган тексттин классификациясы: Туташ тексттер, Туташ эмес тексттер, Аралаш текст, Курама текст, Жанрды аныктап окутуу, Жогорудагы темалардын негизинде практикалык ишти иштеп, көп нерсени үйрөнүп алдым.
Сизге ишиңизге ийгилик, өзүңүзгө бекем ден-соолук, сиз мыкты мугалимсиз,ар дайым мугалимдерге билим берип жүрө бериңиз эже. Сиздин сабак өткөнүңүз, кишиге жасаган мамилеңиз, түшүндүргөнүңүз, жылмайганыңыз мага абдан жагат. Сиздей мугалим болгум келет сизге ыраазычылык билдирем. Эмгегиңизге таазим!!! Чоң ырахмат эже, Бар болуңуз,бай болуңуңуз эже❤️

Кабылова Давлетай:
Бир сөз менен айтайын ,
Эжейимди мактайын.
НК, ПК, ПИЗАНЫ
Сабагымда колдонууну баштайын.

Кенжеке эжей сизге ырахмат,
Жакты мага «Жагымдуу кат» методу.
Теория менен токтобой,
Топто иштетип түшүндүрдү жакшылап.