loader

2024-жылдын 15-17-апрель күндөрү Астана шаарында ИТБнын ага окутуучусу Ибраимова Р. У. жана ИТИ кафедрасынын ага окутуучусу Бекмурзаева Б.А. Эвропалык Билим берүү Фонду тарабынан Европа комиссиясынын Биргелешкен изилдөө борбору жана Иш менен камсыз кылуу, социалдык маселелер жана инклюзия боюнча Башкы Директорат менен биргеликте түзүлгөн Орто Азия боюнча “Darya Scaffold-компетенттүүлүккө багытталган сабактарды иштеп чыгуу үчү карталардын топтому” эл аралык регионалдык устат тренерлерди окутуу курсунан өтүп жатышат. Курс мындан ары 6 онлайн вебинар, практикалык иштер, жыйынтыктоочу конкурс менен улантылат жана ар бир тренер жер-жерлерде жайылтуусу пландалган.
Курста Scaffold картасынын түзүлүшү, принциптери, калыптандыруучу компетенциялар, окутуунун методдору, баалоо ыкмалары, сабакты пландаштыруу боюнча сессиялар жана практикалык иштер, талкуу формасында өттү.