loader

14 – агымдын угуучулары “Мектепке чейинки билим берүүнүн заманбап технологиялары” аталышындагы курсту ийгиликтүү аякташты.
Бул курска катышкан тарбиячылар STEAM технологияларын практикада колдонуп, балдар үчүн кызыктуу эксперименттердин түрлөрүн жасашты. Ошондой эле, курс ичинде алган билимдерин камтып, жаңы ыкмаларды колдонуу аркылуу ачык сабактарды өтүштү. Курсту алып барган Мектепке чейинки билим берүү жана башталгыч мектептик билим берүү кафедрасынын ага окутуучусу Данкеева Динара Джорабековна.