loader

Тарых мугалимдери квалификациясын жогорулатууда

Курстун тренери: ППСГББ кафедрасынын ага окутуучусу Доталиев Асылбек Көбөгөнович.

Асылбек агай сабакты практика менен теорияны жуурулуштуруп, ар бир технологияны, методиканы практикага салып берип, жөнөкөй тил менен жатык түшүндүрдү. Квалификацияны жогорулатуу үчүн келген мугалимдерди кайра дагы окууга, изденүүгө, оюн аркылуу окутууга, окуучуларды сабакка кызыктырууга үндөп, бир түрмөк тапшырмаларды колубузга сунду. Ар бир сабак өз ордунда, өз нугунда өтүлдү…

Окутуу жана тарбиялоо милдетинин биримдигинде жүргөн сабакта мугалимдин орду, мугалимдин жеке сапаттары, өзүнө болгон ишеними, тактыгы жөнүндө дагы бир топ жүйө келтирип берди. Предметтик китеп – бул окуучу үчүн жазылган. Чыныгы мугалим темага тиешелүү жазылган бардык китеп, бардык булактардан маалымат чогултуп, аны окуучуга түшүндүрүп бериши керек. Түшүндүрүп гана койбостон дароо оюн аркылуу кайра сурап, окуучу дагы ой жүгүртүп түшүнүп, оюн айта билүүсү, жаза билүүсүн калыптандыруу керек… Айтор, азыркыча айтканда курска чейин, курстан кийин (до и после) деген жыйнактуу билим алдык.