loader

Бүгүн, 25-март күнү, И.Арабаев атындагы КМУда «Келечекти тарбиялоо: жоопкерчилик, креативдүүлүк, конкуренттүүлүккө жөндөмдүүлүк» эл аралык Кыргызстан жана Казакстандын педагогикалык кызматташтыгы форуму ишин баштады

25, 26-март күндөрү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Казакстандын Билим инновация Академиясы, окуу жайлары менен орто мектептеринин ортосунда биргелешкен «Келечекти тарбиялоо: жоопкерчилик, креативдүүлүк, конкуренттүүлүккө жөндөмдүүлүк» аталышында форум өтөт. Аталган форум Педагогика жана психология институту тарабынан уюштурулган.

Форумга КР БИМдин алдындагы РПККЖжКДИнин директору Токтомаметов Алмазбек Даткабекович, директордун орун басары Н.К.Жоошбаев, Окумуштуу катчы Г.Ж.Карагозуева, кафедра башчыларынан Т.А.Асанакунов, З.А.Ажыбаева, Г.Э.Артыкбаева; ага окутуучулар А.К.Дөталиев, М.Л.Азимова, Ы.И.Насиппаевалар катышып, баяндама жасашты. Форумдун жыйынтыгы менен сертификат, дипломдор ыйгарылды.

Эл аралык форумга И.Арабаев атындагы КМУнун илим, эл аралык байланыштар жана инновациялар боюнча проректору, педагогика илимдеринин доктору Чалданбаева Айгүл Кушчубековна, Казак Республикасынын Билим берүү министрлигинин Тарбия иштери жана кошумча билим берүү департаментинин директору, филология илимдеринин кандидаты Медетбекова Меруерт Аскарбек кызы катышууда.
Форумга Казакстандан Билим инновация Академиясынын президенти баштаган жалпы жамааты, окуу жайлары менен орто мектептеринен 60тан ашуун кесиптештерибиз катышууда. Кыргызстандан мугалимдердин билимин өркүндөтүү институттарынын, окуу жайлардын жана орто мектептердин педагогдору катышууда. Форумдун башкы максаты – боордош өлкөдөгү кесиптештерибиз менен биргеликте заманбап конкуренттүүлүккө жөндөмдүү, өтө бат өнүгүп жаткан коомго өз алдынча ыңгайлаша алуу менен натыйжалуу чечимдерди кабыл ала билген жаштардын жаңы муунун тарбиялап, даярдоонун артыкчылыктуу багыттарын талдоого алуу. Форум эки элдин ортосундагы педагогикалык кызматташтыктын көпүрөсү болмокчу.