loader

«Диндердин өнүгүү тарыхы» предметинин негизги максат жана милдеттери:

«Диндердин өнүгүү тарыхы» предметинин негизги максаты – окуучуларда дүйнөлүк диндердин пайда болуу, өнүгүү жана иштөө тарыхы, алардын коомго тийгизген таасири жөнүндө билимдерди калыптандыруу; адеп-ахлактын, ыймандын жана диндин адамдын жана коомдун жашоосундагы маанисин түшүнүү; конфессиялар аралык диалогду куруу жана адеп-ахлактык жактан өзүн-өзү өркүндөтүү, руханий жактан өзүн-өзү өнүктүрүү жөндөмдүүлүгү; ар түрдүү маданияттардын, улуттардын, ишенимдердин, социалдык топтордун өкүлдөрү менен позитивдүү өз ара аракеттенүү көндүмдөрү; радикалдашууга жана диний кагылышууларга каршы турууга даяр болуусу.

1. Когнитивдик (таанып-билүүчүлүк):
– дин таануу/негизги диний конфессиялар чөйрөсүндөгү негизги концептуалдык аппаратты өздөштүрүүнү уюштуруу;
– Кыргызстандын ар түрдүү коому жөнүндө элементардык билимдерди өздөштүрүүнү камсыз кылуу;
– байкоо, тажрыйба, ойлонуу, ой жүгүртүү же байланыш аркылуу алынган же түзүлгөн маалыматты изилдөө, талдоо, синтездөө, баалоо жана/же колдонуу жөндөмүн калыптандыруу;
– стереотиптерди, бир тараптуулукту, когнитивдик бурмалоолорду жана логикалык каталарды таануу жана жеңүү жөндөмүн калыптандыруу;
– ийкемдүүлүккө, обсессивдүү ишенимдерге, көз караштарга жана пикирлерге суроо берүү;
– таанып-билүүчүлүк ой жүгүртүүнү жана элестетүүнү өнүктүрүү;
– түрдүү диний жана маданий көз караштагы адамдардын жана топтордун ортосундагы мамилелерге диндердин конструктивдүү таасирине баалуулук мамилесин калыптандыруу;
– Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү социалдык-маданий процесстердин жүрүшү жөнүндө аналитикалык билимдерди калыптандыруу;
– коомдун өнүгүүсүнүн түрдүү этаптарында диний жана адеп-ахлактык нормалардын ортосундагы байланышты түшүнүүгө үйрөнүү.

2. Жүрүм-турумдук (иш-аракеттик):
– гуманизмге, толеранттуулукка негизделген көп конфессиялуу коомдо инсандар аралык мамилелердин (адамдардын, коомдун ортосунда) калыптанышына көмөк көрсөтүү;
– мамлекет менен диний бирикмелердин өз ара аракеттенүү чөйрөсүндө укуктук ченемдерди өздөштүрүүнү камсыз кылуу;
– коркунучтуу учурларда коопсуз жүрүм-турум алгоритмдерине ээ болууну камсыз кылуу;
– байкоочулукту өнүктүрүүгө жана адамдын жүрүм-турумун туура чечмелөөгө көмөк көрсөтүү;
– көп маданияттуу коомдо өзүн-өзү таануунун, түшүнүүнүн жана диндерди адекваттуу баалоонун элементардык ыкмаларын өздөштүрүүнү камсыз кылуу;
– көп конфессиялуу коомдо эркин, ойлонулган жана жоопкерчиликтүү мамилелерди түзүү көндүмдөрүн калыптандырууга салым кошуу.

3. Баалуулук:
– Кыргызстандын адамдык потенциалынын уникалдуулугун, маданияттардын жана социалдык топтордун көп түрдүүлүгүн түшүнүүнү камсыз кылуу;
– өзүнүн жүрүм-турумун жана башка адамдардын иш-аракеттерин руханий-адептик баалуулуктар жана жүрүм-турум нормалары менен салыштыруу жөндөмүн калыптандыруу;
– руханий, адеп-ахлактык, этикалык жана эстетикалык тарбиянын негизинде өзүн Кыргызстандын жараны катары тынчтыктын, теңдиктин, басмырлабоонун, инклюзиянын жана адам укуктарын урматтоонун духунда көрсөтүүгө даярдыгын калыптандыруу;
– үй-бүлөлүк баалуулуктардын, мекенчилдиктин, адеп-ахлактуулуктун, укуктук мамилелердин негиздерин калыптандыруу;
– окуучулардын дүйнөнүн маданий жана диний көп түрдүүлүгүн кабыл алышына, ар кандай маданиятка жана анын алып жүрүүчүлөрүнө кайрымдуу мамиле жасашына көмөктөшүү.

Тарых жана теология адистиги мугалимдеринин атайын кайрылуусу менен мына ушул негиздерди ишке ашыруу максатында уюштурулган Диндердин өнүгүү тарыхы предметин окутуунун методикасы (7-9 класстар) – курсунун кезектеги агымы 11-март 25-март аралыгында онлайн форматта уюштурулуп ийгиликтүү аяктады.
Курсту – PhD теология боюнча философиянын доктору (дин педагогикасы докторанты), институттун педагогика кафедрасынын ага окутуучусу Эргешов Э.К. өттү.