loader


2024-жылдын 19-20-февралында Тоң районунун мугалимдери үчүн Тогуз-Булак мектебинин базасында квалификацияны жогорулатуу курстары өтүлдү
Семинарда функционалдык сабаттуулукту калыптандыруу жана баалоо, STEM, STEAM предметтерди окутуу, сабак өтүүдөгү практиканын ролу, канткенде мыкты мугалим боло алам, өзүн таануу, натыйжалуу менеджмент жана мектептин иш кагаздары багытындагы тренингдер, талкуулар абдан жандуу өтүүдө.
Квалификацияны жогорулатуу курстарына Тоң районундагы мектеп директорлору, директорлордун орун басарлары, кыргыз тил, математика, музыка мугалимдери, райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү катышууда.
Курстун тренерлери КР ББИМдин алдындагы РПККЖжКДИнин директору, п.и.к., доцент Токтомаметов Алмазбек Даткабекович, Шергазиев А.Ж., Филологиялык билим берүү кафедрасынын башчысы п.и.к., доцент Асанакунов Т.А., ТИМББ кафедрасынын доценти Баетов А.К., Информатика, технология жана искусство кафедрасынын башчысы Дуйшеналиева Ж.С. алып барышты.
Иш-чара Тогуз-Булак мектебинин бүтүрүүчүсү, учурда КР Улуттук илимдер академиясынын башкы илимий кызматкери Садыров Мураттын демилгеси менен уюштурулган.