loader

Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата

РПККЖ жана КДИнин китепканасында Окуу жана китепкана бөлүмү Кыргызстаныбызды даңазалаган залкар, дүйнө жүзүнө таанымал улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган иш-чараны уюштурду. Иш-чарага республикалык “Балажан” эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборунун “Сахналык кеп” ийриминин жетекчиси Ш.Т. Иманалиева жетектеген балдары, окууга келген мугалим–угуучулар, Республикалык институттун окутуучулары жана кызматкерлери катышты.

Китепкананын жетектөөчү кызматкери М.Д. Немолякина иш-чараны ачып, бул маараке дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө, анын ичинде биздин өлкөдө кандай өткөрүлүп жаткандыгы тууралуу кызыктуу маалыматтарды айтып берди.

Республикалык институттун директору п.и.к. А.Д. Токтомаметов Ч.Айтматовдун чыгармаларынынын терең ойчулдугуна, өз жеринин керемет табиятын дүйнөгө кабарлагандыгына жана өз элинин жөнөкөйлүгүн, адамгерчилигин, сүйүүсүн, ыйман-ынсаптуулугун, дүйнө таануусун өзүнүн чыгармалары аркылуу тааныткандыгына токтолуп кетти.

Жетектөөчү адис А.Ж. Шергазиев, филологиялык билим берүү кафедрасынын башчысы п.и.к. Т.А. Асанакунов, КР эмгек сиңирген мугалими, ф.и.к. К. Эсеналиевалар Ч. Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу кызыктуу фактыларды айтышып, анын чыгармаларын даназалап, жалпы адамзат турмушунун бактылуу жана коопсуз болушу үчүн гениалдуу ойлорун айткан, планеттик маселелерди козгоп, ааламдашуу жараяны менен кошо ай-ааламга толуп калдайып жылып келеаткан коркунучтун алдын алып, анын апааттарынан сак болуу жөнүндө тынымсыз эскертип коңгуроо кагып келген улуу инсан, корифей, даанышман жазуучубуз жөнүндө кызыктуу баяндамалары жасашты.

Улуу инсандардын өмүрү дүйнө салар замат кайра башталат дегендей республикалык “Балажан” эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборунун окуучулары Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынан көркөм окуп беришип баарыбызды кубантышты. “Ушундай маңыздуу адабий чыгармачылык иш-чараны чогуу өткөргөнүбүзгө чын ниетибизден рахматымды айтамын жана жана иш-чарага катышкан аттуу-баштуу профессорлордун, илимий кызматкерлердин, директорлордун ж.б. агартуу системасында кызмат кылган кесипкөйлөрдүн насааты балдар үчүн чоң таасирин калтырды – башкысы балдар чоң руханий байлык алышты деди өз сөзүндө “Сахналык кеп” студиясынын жетекчиси Ш.Т. Иманалиева жана ошондой эле РПККЖ жана КДИнин жамаатына чоң ийгиликтерди каалагандыгын билдирди.

Китепканада жазуучунун чыгармаларынан көргөзмө уюштурулду.

“Информатика, технология жана искусство” кафедрасынын башчысы Ж.С. Дуйшеналиев Музыка предмети боюнча курстун угуучулары менен биргеликте Ч.Айтматовдун чыгармаларын чагылдырган чакан концерттик программаны аткарып беришти.

Мындай иш-чаралар улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын кабыл алууну изилдөөдө бардык мугалимдерге жана балдарга керек болот деп ишенебиз жана Кыргызстандыктар дүйнөгө Чыңгыз Айтматовдой жазуучуну бергени менен сыймыктанабыз. Ошондуктан, анын адабий мурасы келечекке карай жолун улантып, чыгармачылыгын эл көбүрөөк таанышы үчүн биз – өзгөчө мугалимдер көп иштерди жасашыбыз керек.

ru_RURussian