loader

Окурмандык  сабаттуулук боюнча  PISA изилдөөсүнө даярдоо технологияларын иштеп чыгуу боюнча филологиялык билим берүү кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы тарабынан ар түрдүү иш-чаралар аткарылууда.

КР БбИМнин алдындагы РПККЖ нин филологиялык билим берүү кафедрасынын башчысы, профессор, улуттук тренер Эсеналиева Кенжеке Эсеналиевна, улуттук тренер, ага окутуучу Корчубекова Марсияна Жолчубековна жана филологиялык билим берүү кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы 2023-жылдын 3-апрелинде РПККЖ жана КДИнин, И.Арабаев атындагы КМУнун, Баласагын атындагы ж.б. университеттердин профессордук-окутуучулук курамына, Чүй облусунун методикалык борборунун методистерине  “Окурмандык сабаттуулук компетенцияларын калыптандыруу: талкуу, практикалык иш, методикалык сунуштар” –аттуу семинарды өткөрүштү.