loader

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча кереге кеңеш өттү

22-октябрда, Москва районунда Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын алкагында кереге кеңеш өтүп, иш-чарага Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мураталиев Мелис, Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Кыштообаева Гулмира, Москва районунун акими Козуев Ниязбек, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Токтомаметов Алмазбек, ошондой эле райондук жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчилери жана мектеп директорлору катышты.

Кереге кеңеште мамлекеттик тилдин өнүгүүсү жана район ичиндеги тил саясаты талкууланып, сунуштар кабыл алынды.

Кереге кеңештин негизги максаты — мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча стратегиялык багыттарды талкуулап, тил саясатынын келечегин камсыздоо жана мугалимдер менен окуучулардын ортосунда тилге болгон сүйүүнү күчөтүү, анын колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу болду.

Ошондой эле, билим берүү тармагындагы тил маселелери, мектептерде мамлекеттик тилди окутуунун сапатын жогорулатуу, окуучуларга тилди өздөштүрүүнүн заманбап ыкмаларын киргизүү боюнча бир катар сунуштар айтылды.

Кереге кеңештин жыйынтыгында, катышуучулар тил саясатын жакшыртуу үчүн биргелешип иштөөгө жана мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүүгө багытталган пландарды ишке ашыруу боюнча бир катар сунуштарды киргизишти. Талкууланган маселелер өлкөнүн келечеги үчүн мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө маанилүү кадамдарга жол ачат деп белгиленди.

kirKyrgyz