loader

Өз ара кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту менен Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунун ортосунда өз ара кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлду. Меморандумдун алкагында институттардын профессордук-окутуучулук курамдын потенциалын жогорулатуу, педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жана аны эки тараптуу сертификациялоо, тажрыйба алмашуу жана жайылтуу жаатында иш алып барылат.

Меморандумду Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору А.Д.Токтомаметов,  Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунун ректору Т.Барпыбаевдер кол коюшту.

ru_RURussian