loader

Кыргызстан-Россия билим берүү кызматташтыгы
2024-жылдын 27-30-мартында Россия Федерациясынын Пятигорск шаарындагы “Машук” билим берүү борборунда Кыргызстандан келген расмий делегация менен Россия Федерациясынын Агартуу министрлигинин, Ставрополь крайынын билим берүү министрлигинин, Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын Билим берүү комитетинин, “Машук” билим берүү борборунун, жергиликтүү билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү менен тажрыйба алмашуу ишке ашууда.
Кыргызстандан барган делегация мүчөлөрү билим берүү саясатын жаңылоо жаатында жасалып жаткан иштер, билим берүү системасын заман талабына ылайык өзгөртүү, Кыргызстандагы педагогдордун кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү тажрыйбасы, кошумча билим берүүнүн өзгөрүүсү, жогорку билим берүү жаатындагы жаңылыктар боюнча презентацияларды жасашты.
Россия Федерациясынын өкүлдөрү билим берүү жаатындагы ийгиликтери менен бөлүштү.
Тажрыйба алмашуунун алкагында эки тараптын ортосунда меморандум түзүлдү. Меморандумга Кыргыз Республикасы тараптан Билим берүү жана илим министри Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна, Россия Федерациясы тараптан Агартуу министри Кравцов Сергей Сергеевич кол коюшту.
Аталаган иш-чарага Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Токтомаметов Алмазбек Даткабекович катышууда.

ru_RURussian