loader

8-13-январь күндөрү ТМКЖИТБнун ага окутуучусу Оморова Айгүл Абдыкапаровна Жалал-Абад областынын Ноокен районунун көп тилдүү билим берүү программалар боюнча иштеген мектептеринин мугалимдери үчүн “Предмет менен тилди интеграциялап окутуу” жана “Экинчи тилди окутуудагы коммуникативдик методиканын негиздери” деген программалар боюнча курстарды өттү.
Курстан өткөн мугалимдер өзбек тилдүү окуучуларга эне тилинде, мамлекеттик жана расмий тилдерде предметтерди окута алышат. Окуучулар бир нече тилде түшүнүп, маалымат менен иштей алуу көндүмдөрүн өстүрүп, үйрөнгөн тилдерде оңой ой жүгүртүп, бир нече предметтерди өз тилинде, айрым предметтерди кыргыз тилинде дагы кайсы бир предметтерди орус тилинде өздөштүрүү аркылуу көп тилдүү болууга шарт түзүлөт.
Инновациялык технологиялар борборунун телеграмм каналына катталып, курстар жөнүндө маалыматтарды алсаңыздар болот. Шилтеме төмөндө.

ru_RURussian