loader

Санарип Академиясы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту менен биргеликте “Санарип мугалим” 3 айлык окуу курсун бүтүрүп, “Сертификат тапшыруу аземин” Бишкек шаарында Ишенаалы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин башкы корпусунда өткөрдү. Бул жыйынтыктоочу кечеге жалпысынан140 киши келип, мугалимдер жана коноктордун катышуусунда өттү.
Аземде 3 ай окуган ар бир мугалимге “Санарип мугалим” төш белгиси, күбөлүгү, “Manas travel” туристтик компаниясынан турларга 3000 сомдук арзандатуу картасы жана РПККЖ жана КДИ менен Санарип Академиясынын биргелешкен 72 сааттык сертификаты берилди. Ошондой эле өтүлгөн 72 сааттын негизинде “Санарип мугалим – Дубай” онлайн тестинин жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө Дубай, Ташкент, Алматы шаарларына 8 акысыз жолдомолор тапшырылды.
Ошону менен бирге Санарип Академиясы уюштурган 2-Республикалык китеп окуу конкурсунун жеңүүчүлөрү Дубай, Ташкент, Алматы жана жайкы бир жумалык Ысык-Көл лагерине акысыз жолдомолорду алышты.
Аталган иш чарага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Санарипти өнүктүрүү боюнча министрдин орун басары Самыкбаева Лира Аманбаевна катышты. Ошондой эле РПККЖ жана КДИнин директору Токтомаметов Алмазбек Даткабекович жана “Санарип мугалим” окуу курсунда мугалимдерди окуткан тренерлер катышып, аларга “Ыраазычылык кат” берилди.
Кеченин аягында “Kahoot” программасынан катышуучулар арасында кызыктуу тест болуп, жеңүүчүлөргө “Алматы” шаарына акысыз жолдомо жана “Санарип мугалим” футболкасы менен китеп белекке берилди.

ru_RURussian