Республикалык кызматкерлердин квалфикациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтуна “Окуу Керемет!” долбоорунун атайын өкүлдөрү тарабынан Танжерин/Tangerine электрондук платформасында жайгашкан, сабакты байкоо үчүн түзүлгөн SabakApp, BaalooApp колдонмолорун жана математика сабагынан даярдалган 10 онлайн модулду институттун плаформасына өткөрүп берүү иш аракеттери жүргүзүлдү. 2-агымда курска келген башталгыч класстын мугалимдерине электрондук курстар боюнча жалпы маалымат берилди.