loader

Контент Жок

Көптөн күткөн жолугушуу

2023-2024 окуу жылы аяктап, отпуска мезгилинде көп жылдар мурда Эл аралык олимпиадаларга катышкан Кыргызстандын белгилүү окуучулары Кыргызстанга келгенде, өздөрүн бир нече мамлекетке ментор катары жетектеп алып барып келген п.и.д., проф. Бакдолот Махмудовна Кособаевага атайын жолугууга келишкен.

Алардын ичинде Аматов Тынчтык Таалайбекович 2001-жылы 10-класста Алма-Атада өткөрүлгөн Менделеев олимпиадасына, Нидерландияда Гронинген шаарында Эл аралык олимпиадага катышкан. 2002-жылы Москвада М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде Менделеев олимпиадасына жана Индиянын Мумбай шаарында өткөрүлгөн окуучулардын химия боюнча Эл аралык олимпиадасына катышкан.  Көрсөткөн ийгиликтеринин натыйжасында М.В.Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик университетинин химия факультетине кирүү экзаменсиз кабыл алынган (2002-ж.).

2007-жылы аталган факультетти ийгиликтүү бүтүргөндөн кийин Ош шаарындагы техникалык университетте эмгек жолун баштаган. 2016-жылы Чехиянын Прага шаарында Карлова университетинде pHD докторантурасын аяктаган. Германиянын Мюнхен шаарында 2,5 жыл илим изилдөө академиясында Нобель премиясынын лауреаты доктор, профессор Бенжамин Лист менен иштеп стажировкадан өткөн. Учурда Аматов Тынчтык химия боюнча pHD доктор, Абу-Дабидеги Нью-Йорк университетинде ассистент профессор болуп эмгектенет.

Жалилов Алмаз Сулайманович Даниянын Копенгаген шаарында окуучулардын химия боюнча дүйнөлүк олимпиадасынын катышуучусу.

2005-жылы Россия илимдер академиясынын химия факультетин аяктаган.

2011-жылы АКШнын Wuscosin университетинде pHD докторлук диссертациясын коргогон .

2011-2017-жылдар арасында АКШда кесиптик чеберчилигин өркүндөтүп эмгектенген.

2017-2024-жылдар кароль Фахд-университетинин профессору. Быйылкы окуу жылынан баштап Дубайдагы Америка университетинде профессор болуп эмгектенет.

Мажитов Таалай 2001- Кыргыз Мамлекеттин университетинен М.В.Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик университетине которулуп химия факультетин окуп бүтүргөн. Кытайда билимин өркүндөткөн.

Австралияда 1 жыл иштеп келген. Азыркы мезгилде Кыргыз индустрияда директор кызматында эмгектенет.

Жогоруда аттары аталган мекендештерибиз менен сыймыктансак болот!

ru_RURussian