loader

Контент Жок

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тил саясатын колдоо максатында “Кыргыз тилин өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү” программасынын алкагында Чүй облусунун Москва, Ысык-Ата райондорунун мектептериндеги кыргыз тилин эне тили жана экинчи тил катары окуткан мугалимдерине жана бала-бакчаларындагы кыргыз тилчи мугалимдерине тренерликке  сынак жарыялайт.  Тренерликке келишим 4 айга түзүлөт.

Тандоо критерийлеринде: РПККЖ ж-а КДИнан PISA боюнча, коммуникативдик методика, CLIL методикасы жана мектепке чейинки курактагы балдар менен иштөө методикалык мамилелер курстарынан сертификаттары барларга артыкчылык берилет.

1). Кыргыз тили эне тили катары-20 мугалим

2). Кыргыз тили экинчи тил катары-20 мугалим

3). Предметтик интеграция CLIL (тилден башка бардык предметтерден) -20 мугалим

4). Бала-бакчада иштөө методикасы-20 мугалим

Мугалимдер резюмелерин 18-сентябрга чейин agunya-raushan@mail.ru электрондук почтага жиберүүсү зарыл.

Резюме

  1. Фамилиясы, аты, атасынын аты
  2. Туулган жылы, айы
  3. Иштеген жери, ээлеген кызматы
  4. Окуткан предмети
  5. Стажы
  6. Квалификациясын жогорулатуудан өткөн курсттардын аталышы
  7. Сыйлыктары
  8. Сертификат тизмеси
  9. Телефон номери/ватсап номери
ru_RURussian