loader

Контент Жок

Республикалык институттун педагогдорун кайра даярдоо борборунун Химия жана биология багытындагы угуучулары үчүн “Зоология”, “Ботаниканын негиздери” “Социалдык экология” предметтери боюнча практикалык сабактарды ага окутуучу Немолякина Майрамбубу Думуковна Э.З. Гареев атындагы Ботаникалык бакчасына барып өтүштү.
​Ботаникалык бак Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын системасындагы илимий-изилдөө институту болуп эсептелет. Ботаникалык бак 1938-жылы негизделген.
​Бул республикадагы биринчи илим-изилдөө мекемеси жергиликтүү флораны изилдеп, дуйнөнүн ар түрдүү өлкөлерүнүн өсүмдүктөрүн интродукциялоо, тандоо, сактоо жана байытуу жаатындагы алдыңкы илимий мекеме болуп саналат. Республиканын улуттук байлыгы болгон биологиялык ар түрдүүлүктү изилдөө жана сактоо боюнча негизги иштерди алып барат.
​Ботаникалык бакчанын коллекцияларында 6500гө жакын жогорку өсүмдүктөрдүн таксоналары (2000 дарак жана бадал, 2600 гүлдүү жана декоративдик, 550 күнөсканада өсүүчү (оранжерейных), 170 дарылык, 237 бакча розалары, 639 сорт аралык жана түр аралык гибриддер жана мөмө өсүмдүктөрүнүн жапайы түрлөрү жана сорттору бар. Ал эми алманын жана кара өрүктүн түрлөрү жана сорттор аралык гибриддери – 4278.
​Бишкек шаарындагы, республиканын башка шаарлары менен айылдарынын, Ысык-Көлдөгү пансионаттардагы жашыл аянтчалардын 90%дан ашыгы Ботаникалык бакча тарабынан сунушталган интродукцияланган өсүмдүктөрүнөн турат.
​Ботаникалык бакча 37 өлкөнүн 140 ботаникалык бакчалары жана дендропарктары менен уруктарды, калемчелерди жана тирүү өсүмдүктөрдү алмашуу аркылуу илимий байланыштарды жүргүзөт.

Ботаникалык бактын Горький көчөсүндогү 135 дарегинде эң чоң Дендропарк-коруктун аймагындагы Корей достук багы бар, бул өзгөчө кооз жер! Институттун окутуучулары сиздер дагы Ботаникалык бакчага өзүңүздөр дагы барып, курска келген мугалимдер менен дагы барып таанышып, көрүп кетсеңиздер болот.
Ботаникалык бактын эң чоң аймагы Ахунбаев көчөсүндө үч лаборатория – эксперименталдык ботаника, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү жана бак-дарактар ​​жайгашкан.
​Э.З. Гареев атындагы ботаникалык бактын иши жөнүндө, бул жерде кездешкен уникалдуу өсүмдүктөр, канаттуулардын сейрек кездешүүчү түрлөрү жөнүндө бак-дарактуу бадал өсүмдүктөрүнүн лабораториясынын ага илимий кызматкерлери Тамара Абджунушова жана Галина Малосиева кызыктуу кылып айтып беришти.​
​Күнөскана (оранжерея) Ботаникалык бактын жүрөгү болуп саналат. Бул жерде дүйнөнүн ар кайсы бурчунан алынып келинген экзотикалык өсүмдүктөр өстүрүлөт. Күнөскана 1947-жылы курулган. Республикадагы жалгыз күнөсканада өсүмдүктөрүнүн 550дөн ашык түрү өстүрүлөт, алардын ичинде тропикалык, субтропикалык өсүмдүктөр бар. Эң көрүнүктүүлөрү – 60-70 жылдык чоң пальмалар.
​Банан күнөсканада гүлдөп, мөмө берет. Бирок анын жемиштери жегенге болбойт. Жегенге мүмкүн болгон банандар да бар, бирок алар дагы эле кичинекей. Фуксия, монстера, фейдхоа, гуайюле, грейпфрут жана башкалар да бар.
​Студенттер баардык информацияларды кызыгуу менен угуп, көптөгөн суроолорду беришип жана күнөскананын көйгөйлөрү менен да ортоктош болушту. Кызыктуу өсүмдүктөрдү өстүрүүгө, коллекцияларды толуктоого орун абдан тар, жетишпейт. Мындай көлөмдөгү күнөскана мамлекет үчүн өтө кичинекей деп эсептелинет.

ru_RURussian