loader

Контент Жок

КР ББИМдин сунушу, Япон өкмөтүнүн каржылоосу жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен “Чексиз билим берүү” долбоорунун алкагында РПККЖжКДИнин ИТ борборунун жумушчу тобу “Окуучулардын функционалдык сабаттуулугун калыптандыруу жана баалоо” электрондук курсун иштеп чыгып, аталган курс “Мугалим” платформасына жайгаштырылган. Бул курс боюнча бир жыл ичинде республиканын 10000ден ашуун мектеп мугалимдеринин квалификациясы жогорулатылды.

27-28-июнь күндөрү түндүк (Талас, Нарын, Ысык-Көл жана Чүй) региондун менторлору менен жыйынтыктоочу 2 күндүк семинар өттү. Семинарда курстун жүрүшүн, жер-жерлерде жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы чыгарылды. Курстун жетишкендиктери жана кемчиликтери боюнча менторлордун пикирлери жана сунуштару угулду.
Курсту ага катышкан мугалимдердин 90% аяктагандыгын белгилеп кетүүгө болот.
Менторлорго ыраазычылык кат жана сертификаттар ыйгарылды.

ru_RURussian