loader

Контент Жок

Кыргызстан – Өзбекстан кызматташуусу
Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү жаатында тажрыйба алмашуу үчүн КР Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун кызматкерлери 2024-жылдын 20-23-майында Өзбекстан Республикасында иш сапарда болушту.
Ташкент шаарында Авлони атындагы Педагогдорду өнүктүрүү жана жаңы усулдарга окутуу улуттук илимий институту менен Өз ара түшүнүшүү келишимине кол коюлуп, Ташкент шаарындагы мектептердин ишмердиги менен таанышуу ишке ашты.
Самарканд шаарында Педагогдордун кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү борбору менен мындан аркы кызматташуу талкууланып, борбордо болуп жаткан кесиптик чеберчиликти өркүндөтүү сабактарына катышылды, талкуулоо учурунда борбордун электрондук платформасы, видео студиясынын ишмердиги зор кызыгууна жаратты.
Бухара шаарында Бухара облустук педагогдорду жаңы усулдарга үйрөтүү борбору менен Макулдашууга кол коюлуп, мындан аркы кызматташуу багыттары талкууланды.
Иш сапар абдан байсалдуу жана үзүрлүү болду.
Ушундай тажрыйба алмашуулар март-апрель айларында Казакстан Республикасынын “Өрлеу” квалификацияны жогорулатуу улуттук борбору, Россия Федерациясынын Пятигорск шаарындагы “Машук” борбору менен болду.

ru_RURussian