loader

Контент Жок

ӨТКӨӨЛ КУРАКТЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ (1-бөлүк)
МУРДА МЫНДАЙ БАЛА ЭМЕС ЭЛЕ КАЙДАН ЧЫКТЫ?!
Гимназияга кабыл алуу сынагы ортолоп калган учур, окуучулар менен маектешүү кызуу жүрүп жаткандыктан чарчаганыбызды деле билбей калыптырбыз. Тизмедеги кийинки окуучу бөлмөгө өз убагында кирбей калып, бираз тыныга түштүк. Ал ортодо бөлмөгө бир аял киши кирип келип, гимназия туурасында, окуу туурасында, сабактар жана мугалимдер туурасында сурап, кызы бар экендигин айтып, кабыл алуубузду суранып калды. Анын суроолоруна кеңири жооп берүүгө убактыбыз болгон жок анткени, тизмедеги окуучу маектешүүгө кирип келди. Эгерде алдын ала каттоодон өткөн эмес болсо, кеч калгандыгын айтып, кийинки жылы келүүсүн суранып, бөлмөдөн узатып койдук да ишибизди уланттык. Арадан бир топ убакыт өткөн соң тыныгуу берип, сыртка чыксак, жанагы эне күтүп туруптур. Жалгыз эмес, жанында кызы бар. Баштагындан бир топ кыжаалат, кызына ачуусу келип тургандай. Бир көргөн адам экөөнү дос ойлойот. Анткени, кийген кийимдеринде айырмачылык жок, эне кандай боёнгон болсо, 8-класс кызы деле андан калышкан эмес, экөөнүн тең оозунда сагыз, энени көрүп кыз өскөн.
Сыртка чыкканыбызды көрүп, жаныбызга жакындашты. Кабыл алуубузду суранып, кызынын көзүнчө «Бул кыз мени аябай тажатты, башкара албай калдым, түнү үйдөн качып кетет, достору менен таң аткыча кайда жүрөт билбейм. Сөз укпайт, өзү каалаганын жасайт, жатак мектепке берип кутулбасам болбой калды. Ошол жерде жатып, тарбиялансын, мурдунан суусу аксын, кыйналсын, мен болсо Россияга кетемин»,-деп наалып кетти. Бул сөздөр эненин оозунан чыгып жатканына ишене албай бир энени, бир кызды карап, эмне деп айтууну билбей туруп калдык. Таң калганыбыз эненин сөздөрү болгон жок, мындай сөздөрдү көп эле жолу угуп жүрөбүз, бул сөздөрдү кызынын көзүнчө айтып жаткандыгы, кыздын мындан эч кандай таасирленбестен, ар дайым айтып жүргөн сөздөрү да дегендей камырабаган көз карашы болду. Кызды карап, анын жаштыгы кандай оор, ата-эненин тарбиясынан узак, мээримсиз, сүйүүсүз, кароосуз, камкордуксуз, жалгыз өткөндүгүнө ичибиз ачышты. Тарбия мындай болгон соң жыйынтыгы кандай болмок эле… Тилекке каршы мындай окуялар бир эмес, эки эмес, жүздөп саналат. Ата-эне болууну эптеген бирок, ата-энелик кылууну эптей албаган ата-энелер миңдеп саналат. Ал кыз өткөөл курагын оор өткөрүп жаткан. Баланын ар тараптуу калыптануу мезгилинде эне жанында болгон эмес, кеп-кеңешин айткан эмес, тарбиясын моюндаган эмес. Ичинде топтолуп калган негативдүү энергиясын чыгаруу мезгили өткөөл курагына туура келгендигин эне кайдан билсин. Ичимде бул башталышы гана деген ой менен кала бердим…
Ар бир курактын өзүнө тиешелүү мүнөздөрү жана өзгөчөлүктөрү бар. Аларды билүү жана ошого жараша балага мамиле кылуу ата-эне болом деген ар бир адам үчүн зарыл. Өзгөчө балдардын өткөөл курагын таануу жана ошого жараша ата-энелик кылуу бүгүнкү күндүн эң маанилүү маселеси.
Өткөөл курак деген эмне? Качан башталат? Канча уланат?
Өткөөл курак гармоналдык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында баланын дене түзүлүшүндөгү жана психологиясындагы айырмачылыктардын пайда болушу. Балалык куракты ашып өтүп, чоң адам болуу аракети. Эл ичинде жалындуу жаштык курак, өспүрүм курак деп да айтылып келет. Илимий изилдөөлөр боюнча өткөөл курактын башталуу мезгили ар түрдүү айтылып келет. Жалпылаштырып келгенде 12 жаштан 20 жашка чейинки мезгил десек жаңылбаган болсок керек. Бирок, бул жаш курак баланын өзгөчөлүгүнө, жынысына жараша өзгөрөт. Кыз балдарда эркектерге салыштырмалуу 1-2 жыл эрте башталып, эрте бүтөт. Өткөөл куракта жогоруда айтылгандай баланын дене түзүлүшүндө өзгөрүүлөр болуп, буга байланыштуу психологиялык кыйынчылыктар пайда болот. Жүрүм-туруму, ата-энесине, бир туугандарына, чоңдорго болгон мамилеси баштагыдан салыштырмалуу оорлошот, окууга болгон кызыгуусу начарлайт. Ата-энелерден балам мурда мындай эмес эле эмнеден улам өзгөрүп калганын түшүнбөй турам; бул бала буга чейин жоош-момун, айтканды кылган, бизге болгон мамилеси жакшы, үйдөн качпайт эле эмне таасир этти билбейм бирок бизге болгон мамилеси өзгөрдү, мүнөзү оорлошту, сөз жактырбас болуп калды, сыртта көп убакыт өткөрө турган болуп калды, үйдө да эч нерсе жактырбайт, сөз айтсаң укпайт, өз билгенин кылат, биз менен сүйлөшпөйт, сырын айтпайт, интернетте көп убактысын өткөрөт, сабактарын окубайт, эч бир сабакка кызыкпайт, деген даттанууларды көп эле жолу угуп келебиз. Өткөөл курак адамдын личносттук сапаттарын калыптандыруу курак болгондуктан, бул мезгилде бала «Мен киммин?» деген суроонун жообун издешет. Бул суроонун жообун издөөдө ар тарапка урунуп көрөт. Өткөөл курак турбуленттик аймакка кирген самолёт сыяктуу. Турбуленттик зонага кирген самолёт титиреп, ичиндеги жүргүнчүлөрдү кыжаалатка салгандай өткөөл куракка кирген бала да ата-энесин, мугалимдерди, чоңдорду кыжаалатка салып, бирок, туура багыт, туура өрнөктүн негизинде өз жолун таап кетет. Андыктан, ар бир ата-эне бул курактын өзгөчөлүктөрүн билүүгө милдеттүү…
Т.К. Маматов 27.02.2024

ru_RURussian