loader

Контент Жок

Өзү каалаган предмет боюнча мугалим болуу

мүмкүнчүлүгү жаралды

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту лицензия (№12023-0003) алып, Кошумча кесиптик билим берүү борбору ачылды.

Республикалык институт 15 багытта мугалимдерди кайра даярдайт. Учурда дагы 4 багыт боюнча лицензия алууга документтер даярдалып жатат.

Окууну аяктагандар кошумча кесиптик билими тууралуу мамлекеттик үлгүдөгү диплом алышат.

Кошумча кесиптик билим берүү багытынын (адистиктин) аталышы

Окуу мөөнөтү

Окуу формасы

1.

Социалдык педагог

1,5 жыл

Сырттан

2.

Билим берүүнүн менеджменти

1,5 жыл

Сырттан

3.

Педагогика (Орто кесиптик жана жогорку кесиптик окуу жайынын окутуучусу)

1,5 жыл

Сырттан

4.

Мектепке чейинки билим берүү

1,5 жыл

Сырттан

5.

Башталгыч класстарга билим берүү

1,5 жыл

Сырттан

6.

Социалдык билим берүү (Диндердин өнүгүү тарыхы жана “Адам жана коом” сабагынын мугалими)

1,5 жыл

Сырттан

7.

Химия жана биология мугалими

1,5 жыл

Сырттан

8.

Физика жана математика мугалими

1,5 жыл

Сырттан

9.

Аскерге чейинки даярдык мугалими

1,5 жыл

Сырттан

10.

Дене тарбия мугалими

1,5 жыл

Сырттан

11.

Орус тили жана адабияты мугалими

1,5 жыл

Сырттан

12.

Кыргыз тили жана адабияты мугалими

1,5 жыл

Сырттан

13.

Китепкана таануу

1,5 жыл

Сырттан

14.

Информатика мугалими

1,5 жыл

Сырттан

15.

Педагогика (Педагогикалык эмес адистиктер үчүн жалпы билим берүү мектептердин мугалими)

1,5 жыл

Сырттан

Учурда 11 багыт боюнча 200 угуучу окуп жатат.

Окуу группалар топтолору менен ачыла берет жана ошондон баштап 1,5 жыл эсептелет.

Каалоочулар төмөнкү дарек, телефон номерлери жана электрондук почталар аркылуу кайрыла алышат:

Бишкек ш., Широкая көчөсү, 1

(Ч.Айтматов атындагы лицейдин жана №16 мектептин жанында);

+996 701 425 781, Айжаркын Асанкулова; +996 709 965 968 Замир Осмоналиев;

www.ripk.kg.

Учурда Республикалык институттун тиешелүү адистери кесипке багыттоо иши менен Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында жүрүшөт.

ru_RURussian