loader

Контент Жок

19-20-февраль күндөрү Нарын областындагы КР Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү жана Нарын педагогикалык колледжи уюштурган “Заманбап мектеп чөйрөсүндөгү социалдык-педагогиканын теориясы жана практикасы” аталышындагы социалдык педагогдор үчүн курс болуп жатат. Курска жалпы 140 соц. педагог катышууда.
Соц. педагогдордун максаты, милдети, ишти аткаруудагы көйгөйлөр, миграция маселеси, ата-энелер менен иштөө ж.б. маселелер боюнча лекция окулуп, талкууга алынып жатат. Курсту ага окутуучу Н.О. Сагынбаева жана 69 ОТКГ соц педагогу Н.М. Жумагулова алып барышууда.

ru_RURussian